1 Шабул Ысрайылга падышачылык кылганына бир жыл болгондон кийин, экинчи жылы падышачылык кылып жатканында, өзүнө ысрайылдыктардан үч миң кишини тандап алды.
2 Мукмаста жана Бейтел тоосунда Шабул менен эки миң киши болду, миңи болсо Бенжеминдин Гибасында Жонатан менен болчу. Калган элди ал үйлөрүнө коё берди.
3 Жонатан пелиштиликтердин Гибадагы күзөт тобун талкалады. Бул жөнүндө пелиштиликтер угушту, Шабул болсо: «Эврейлер угушсун!» – деп, бүт өлкөгө сурнай тартты.
4 Бүт Ысрайыл Шабулдун пелиштиликтердин күзөт тобун талкалаганын жана пелиштиликтерге Ысрайыл жек көрүндү болгонун укту. Ошондо эл Гилгалга, Шабулдун алдына чогулду.
5 Пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн чогулушту: отуз миң майдан араба, алты миң атчан, деңиз жээгиндеги кумдай жайнаган эл. Пелиштиликтердин кошууну Бейт-Абендин чыгышындагы Мукмаска жайланышты.
6 Ысрайылдыктар өздөрүнүн коркунучтуу абалда экенин, элдин кысымга алынганын көрүшкөндө, үңкүрлөргө, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана аңгектерге жашынышты.
7 Эврейлердин кээ бирлери Иордандан ары, Гат жана Гилат өлкөсүнө өтүштү. Шабул Гилгалда болчу жана анын жанындагы бардык элдин үрөйү учуп турган эле.
8 Шабул жети күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү, Шемуел болсо Гилгалга келбей жатты. Эл Шабулду таштап, туш-тушка тарай баштады.
9 Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыктарына даярдалганды мага алып келгиле», – деди. Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөдү.
10 Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп бүтөрү менен, Шемуел келди. Шабул аны менен саламдашуу үчүн, алдынан тосуп чыкты.
11 Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» – деди. Шабул ага: «Эл мени таштап, туш-тушка тарай баштады. А сен белгиленген убакта келген жоксуң. Пелиштиликтер болсо Мукмаска жыйналып калышты.
12 Ошондо мен: “Пелиштиликтер эми Гилгалга келип, мага кол салышат, мен болсо Теңирдин эркин алиге чейин сурай элекмин”, – деп ойлодум. Ошондуктан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөөгө батындым», – деп жооп берди.
13 Шемуел Шабулга: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың, анткени Теңир ушул күндө сенин Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгыңды түбөлүккө бекемдемек.
14 Эми сенин падышачылыгың туруштук бере албайт. Теңир Өз жүрөгүнө жаккан кишини таап, аны Өз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Теңирдин буйругун аткарган жоксуң», – деди.
15 Шемуел туруп, Гилгалдан чыгып, Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Шабул болсо жанында калган адамдарын санады, алардын саны алты жүзгө жакын болду.
16 Шабул өз уулу Жонатан менен, өздөрүнүн жанындагы кишилер менен Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Пелиштиликтердин кошууну Мукмаста турган эле.
17 Бул жерди кыйратуу үчүн, Пелишти кошуунунан үч топ бөлүнүп чыкты. Топтордун бири Опраны көздөй кеткен жол менен Шубал аймагына кетти.
18 Экинчи топ Бейт-Хорон жолу менен кетти. Үчүнчү топ Себоим өрөөнүнө, чөлдү көздөй кеткен жол менен бет алышты.
19 Бүт Ысрайыл жеринде темир усталар жок эле, анткени кылыч же найза жасашпасын деп, пелиштиликтер эврейлерден сактанышкан.
20 Бүт ысрайылдыктар сокосунун тиштерин, темир күрөктөрүн, балталарын, керкилерин курчутууга,
21 соконун тишинде, темир күрөктүн, айрынын, балтанын мизинде кетик болсо, же сынган бычагын оңдоо керек болсо, пелиштиликтерге барышы керек болчу.
22 Ошондуктан согуш убагында Шабул менен Жонатандын жанындагы элде кылыч да, найза да жок эле, алар Шабул менен анын уулу Жонатанда гана бар эле.
23 Пелиштиликтердин алдыңкы катардагы тобу Мукмас кечүүсүнө чыкты.