1 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Шемуел 16 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Шемуелге: «Ысрайылга падыша болбошу үчүн Мен четке каккан Шабул үчүн качанкыга чейин кайгырасың? Мүйүзүңдү зайтун майына толтургун да, баргын, Мен сени бейт-лехемдик Жышайга жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан Мен Өзүм үчүн падыша тандадым», – деди.

2 Шемуел Ага: «Мен кантип барам? Шабул укса, мени өлтүрөт», – деди. Теңир мындай деди: «Бир кунажын ала барып: “Теңирге курмандык чалганы келдим”, - де.

3 Анан курмандык чалууга Жышайды чакыр. Мен сага эмне кылуу керектигин айтам, Мен сага кимди айтсам, ошону Мен үчүн зайтун майы менен майла».

4 Теңир кандай айтса, Шемуел ошондой кылды. Ал Бейт-Лехемге келгенде, алдынан чочулаган шаардын аксакалдары чыгып: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурашты.

5 Ал: «Тынчтык менен, Теңирге курмандык чалганы келдим. Ыйыкталгыла да, курмандыкка мени менен кошо жүргүлө», – деп жооп берди. Жышайды жана анын уулдарын ыйыктап, курмандыкка чакырды.

6 Алар келгенде, ал Элийапты көрүп: «Чын эле, бул – Теңирдин алдындагы Анын майланган адамы!» – деди.

7 Бирок Теңир Шемуелге: «Анын өңүнө, боюна караба. Аны Мен четке кактым. Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт», – деди.

8 Анан Жышай Аминадапты чакырып, Шемуелдин алдына алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди.

9 Анан Жышай Шаманы алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди.

10 Ушинтип, Жышай Шемуелге өзүнүн жети уулун алып келди, бирок Шемуел Жышайга: «Теңир булардын эч кимисин тандаган жок», – деди.

11 Анан Шемуел Жышайдан: «Балдарыңдын баары бул жердеби?» – деп сурады. Жышай ага: «Дагы эң кичүүсү бар, ал кой кайтарып жүрөт», – деп жооп берди. Ошондо Шемуел Жышайга: «Киши жиберип, аны алдыр. Ал бул жерге келмейинче, биз тамакка отурбайбыз», – деди.

12 Жышай киши жиберип, аны алдырды. Ал кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган, сүйкүмдүү жигит эле. Теңир Шемуелге: «Тур, ушуну майла, анткени ал – ушул», – деди.

13 Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, бир туугандарынын ичинен аны майлады. Ошол күндөн тартып, Теңирдин Руху Дөөт менен болду. Шемуел турду да, Рамага кетти.

14 Шабулду болсо Теңирдин Руху таштап салды, ошондо Теңир жол берген бир жаман рух аны кыйнады.

15 Ошондо Шабулга кулдары мындай дешти: «Мына, Теңир жол берген бир жаман рух сени кыйнап жатат.

16 Мырзабыз өзүнүн алдындагы кулдарына буйрук берсин, алар гуслини мыкты черткен кишини издеп таап келишсин. Кудай жол берген жаман рух келгенде, ал гусли чертип, сени тынчтандырат».

17 Шабул өз кулдарына: «Мага жакшы черткен кишини таап, алдыма алып келгиле», – деди.

18 Ошондо анын кулдарынын бири: «Мен бейт-лехемдик Жышайдын күү аспап черткенди билген, эр жүрөк, жоокер, орундуу сүйлөгөн, келишимдүү уулун көрдүм. Теңир да аны менен экен», – деди.

19 Шабул Жышайга кабарчыларды жиберип: «Кой кайтарып жүргөн уулуң Дөөттү мага жибер», – деди.

20 Жышай эшекке нан, бир чанач шарап, бир улак артып берип, Дөөттү Шабулга жөнөттү.

21 Дөөт Шабулга келип, анын алдында кызмат кылып жүрдү. Ага абдан жагып, анын курал көтөрүүчүсү болуп калды.

22 Шабул Жышайга киши жиберип: «Дөөт мага кызмат кылсын, анткени ал менин алдымда ырайым тапты», – деди.

23 Шабулга Кудайдан рух келгенде, Дөөт гуслини алып чертчү. Ошондо Шабулдун көңүлү көтөрүлүп, абалы жеңилдей түшчү, жаман рух андан четтеп кетчү.