1 Өспүрүм Шемуел Эйлинин жанында Теңирге кызмат кылып жүрдү. Ал күндөрү Теңир сөзү сейрек болду, көрүнүштөр да көп болгон жок.
2 Ошол күндөрү Эйли өз ордунда жатканда, мындай окуя болду. Анын көздөрү тунарып, көрбөй калган эле.
3 Кудайдын чырактаны өчө элек эле, Шемуел Теңирдин ийбадатканасында, Кудайдын келишим сандыгы турган жерде жаткан.
4 Теңир Шемуелди чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.
5 Анан Эйлиге чуркап барып: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди. Ал барып, кайра ордуна жатты.
6 Бирок Теңир Шемуелди дагы чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге экинчи ирет келип: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Уулум, мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди.
7 Шемуел Теңирдин үнүн тааный элек болчу, Теңирдин сөзү ага ачыла элек эле.
8 Теңир Шемуелди үчүнчү жолу чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге келип, мындай деди: «Мына мен! Сен мени чакырдың». Өспүрүмдү Теңир чакырганын Эйли ошондо түшүндү.
9 Ошондо Эйли Шемуелге: «Кайра барып жат, сени чакырганда: “Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат”, – дегин», – деди. Шемуел өз ордуна барып жатты.
10 Анан Теңир келип, турду да, мурдагыдай: «Шемуел, Шемуел!» – деп чакырды. Шемуел: «Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат», – деп жооп берди.
11 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Мен Ысрайылда бир иш кылам, ал жөнүндө уккандын эки кулагы зыңылдап калат.
12 Мен Эйлинин тукуму жөнүндө айтканымдын баарын ошол күнү аткарам. Мен баштайм жана бүтүрөм.
13 Мен ага: “Уулдарыңдын мыйзамсыз иштерди кылып жатканын көрүп туруп, аларды тыйбаганың үчүн – ушул күнөөң үчүн сенин тукумуңду түбөлүккө жазалайм”, – деп айткам.
14 Ошондуктан Эйлинин тукумуна ант бергем, Эйлинин тукумунун күнөөсү курмандыктар менен да, нан курмандыктары менен да түбөлүккө жуулбайт».
15 Шемуел эртең мененкиге чейин жатты, анан Теңир үйүнүн эшиктерин ачты. Шемуел бул көрүнүштү Эйлиге айткандан коркту.
16 Бирок Эйли Шемуелди чакырып, мындай деди: «Шемуел, уулум!» Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.
17 Эйли ага: «Теңир сага эмне деди? Менден жашырба. Сага айтылгандан бир нерсе жашырсаң, Кудай сага андан да жаман кылат», – деди.
18 Ошондо Шемуел ага бүт баарын айтып берди, эч нерсе жашырган жок. Эйли ошондо мындай деди: «Ал – Теңир. Ал эмнени кааласа, ошону жасасын».
19 Шемуел өсүп жетилди, Теңир аны менен болду, ага айтылган бир да сөз аткарылбай калган жок.
20 Дандан Бейер-Шебага чейинки бүт Ысрайыл эли Шемуелдин Теңирдин пайгамбары болууга татыктуу экенин билди.
21 Теңир Өзүн Шилодо сөзү аркылуу Шемуелге ачкандан кийин, Шилодо болуусун уланта берди.