1 Шемуел карыганда, Ысрайылга өз уулдарын башкаруучу кылды.
2 Улуу баласынын ысымы Жоел, экинчи баласынын ысымы Абия болчу. Алар Бейер-Шебада башкаруучу эле.
3 Бирок уулдары анын жолу менен жүрүшкөн жок, дүнүйө кордук кылып пара алып, туура эмес бийлик жүргүзүштү.
4 Ошондо Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти.
5 Алар ага: «Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт, ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын», – дешти.
6 Алардын «Биздин үстүбүзгө падыша кой» деген сөзү Шемуелге жаккан жок. Шемуел Теңирге сыйынды.
7 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты.
8 Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат.
9 Аларды ук, бирок өздөрүнө бийлик жүргүзө турган, аларга падышанын укуктарын айтып эскертип кой».
10 Шемуел өзүнөн падыша сураган элге Теңирдин сөзүн толук айтып берди.
11 Ал аларга мындай деди: «Силерге падышачылык кылчу падышанын укуктары мындай болот: ал уулдарыңарды алат да, өзүнүн майдан арабаларын айдатат, атчан жоокер кылат, алар арабалардын алдында чуркашат.
12 Алардын арасынан миң башы, элүү башы коёт, өз жерлерине иштетет, эгинин ордурат, согуш куралдарын жана араба шаймандарын жасатат.
13 Кыздарыңарды алып, жыпар жыттуу заттарды жасатат, тамак бышыртат, нан жаптырат.
14 Силердин эң жакшы талааларыңарды жана зайтун бактарыңар менен жүзүмзарларыңарды алып, өз кулдарына берет.
15 Эгиниңердин, жүзүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып, сарай кызматчылары менен кулдарына берет.
16 Кулдарыңарды, күңдөрүңөрдү, бодо малыңарды, эшектериңерди, мыкты жаш жигиттериңерди алып, өзүнүн иштерине пайдаланат.
17 Майда малыңардын ондон бир бөлүгүн алат. Ага өзүңөр да кул болосуңар.
18 Өзүңөр тандап алган падышаңардан запкы көрүп боздойсуңар, ошондо Теңир силерге жооп бербейт».
19 Бирок эл Шемуелдин сөзүнө макул болбой, мындай деди: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын.
20 Ошондо биз башка элдердей болобуз: бизге падыша бийлик кылсын, биздин алдыбызда жүрсүн, согушту башкарсын».
21 Шемуел элдин айткан сөзүнүнүн баарын угуп, аларды Теңирге айтып берди.
22 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Элдин сөзүн ук, аларга падыша коюп бер». Шемуел ысрайылдыктарга: «Ар бириңер өз шаарыңарга баргыла», – деди.