1 Дөөт ичинен минтип ойлоду: «Качандыр бир убакта мен Шабулдун колуна түшөм, андыктан мен үчүн пелиштиликтердин жерине качып баргандан артык эч нерсе жок. Ошондо Шабул мени аңдыганын коёт, Ысрайыл жеринен мындан ары издебей калат, анын колунан мен ошентип кутулам».
2 Дөөт ордунан туруп, жанындагы алты жүз кишиси менен Гат падышасы, Маох уулу Акишке келди.
3 Ошентип, Дөөт өз кишилери менен, алардын ар бири өз үй-бүлөсү менен, өзүнүн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил менен Гаттагы Акиштикинде жашап калды.
4 Дөөттүн Гатка качып кеткенин Шабулга билдиришти, ошондон кийин ал аны издебей калды.
5 Дөөт Акишке мындай деди: «Эгер мен сенин алдыңда ырайым тапсам, анда кичинекей шаарлардын биринен мага орун берилсин, мен ошол жерде жашайын. Сенин кулуңа сени менен бирге падышанын шаарында жашоонун кандай кажети бар?»
6 Ошондо Акиш ага Сыклакты берди. Ошондон ушул кезге чейин Сыклак Жүйүттүн падышаларына тиешелүү.
7 Дөөт Пелишти өлкөсүндө бир жыл, төрт ай жашады.
8 Дөөт өз кишилери менен чыгып, гешурлуктарды, гезриликтерди, амалыктыктарды талкалап турду, алар бул өлкөдө Шурга чейин, ал тургай, Мисир жерине чейин эчактан бери жашап келишкен.
9 Дөөт ал өлкөнү талкалады, аял-эркегин тирүү калтырбай, койлорун, өгүздөрүн, эшектерин, төөлөрүн, кийимдерин талап-тоноп, Акишке кайтып келип турду.
10 Акиш Дөөттөн: «Бүгүн кимдерге кол салдыңар?» – деп сурады. Дөөт ага: «Жүйүт аймагынын түштүк жагына, Жерахмейелдин түштүк жагына, Кейнинин түштүк жагына», – деп жооп берди.
11 Дөөт эркегин да, аялын да тирүү калтырган жок, ал: «Алар биз жөнүндө: “Дөөт ушундай кылган, анын Пелишти өлкөсүндө өткөргөн мезгилинде кылган иштери ушундай болгон”, – деп айтышпасын», – деп, аларды Гатка алып келген жок.
12 Акиш Дөөткө ишенип: «Ал өз эли Ысрайылга жек көрүндү болуп калды, эми ал менин түбөлүк кулум болот», – деди.