1 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Шемуел 11 Бөлүм

тез өтүү:

1 Амондук Нахаш келип, Гилаттагы Жабешти курчады. Ошондо Жабештин бүт тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, ошондо биз сага кызмат кылабыз», – дешти.

2 Амондук Нахаш аларга: «Баарыңардын оң көзүңөрдү чукуп алып, бүт Ысрайылды маскаралап туруп, анан силер менен келишим түзөм», – деди.

3 Жабештин аксакалдары ага мындай дешти: «Бизге жети күн мөөнөт бер, бүт Ысрайыл жерине элчилерди жиберели, эгер бизге эч ким жардам кылбаса, анда биз сага багынып беребиз».

4 Шабул жашаган Гибага келип, ушул сөздөрдү элге жарыя кылышты. Ошондо бүт эл боздоп ыйлады.

5 Өгүздөрдүн артынан, талаадан келген Шабул: «Элге эмне болгон, эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ага Жабеш тургундарынын сөздөрүн айтып беришти.

6 Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды.

7 Анан ал кош өгүздү алып, аларды жиликтеп бөлүп, ошол элчилер аркылуу Ысрайылдын бүт жерине мындай деп айттырып жиберди: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын өгүздөрү ушундай болот». Ошондо элди Теңирдин коркунучу басып, баары бир кишидей аттанышты.

8 Шабул аларды Безекте санаганда, Ысрайыл уулдарынан үч жүз миң, Жүйүт эркектеринен отуз миң болуп чыкты.

9 Келген элчилерге мындай дешти: «Гилаттагы Жабештин тургундарына: “Эртең күн ысыган маалда силерге жардам болот», – дегиле. Элчилер келип, Жабештин тургундарына айтышканда, алар кубанып кетишти.

10 Анан Жабештин тургундары Нахашка: «Эртең силерге багынып беребиз, бизди эмне кылам десеңер, өз эркиңер», – дешти.

11 Эртеси күнү Шабул элди үч топко бөлдү. Алар эртең мененки күзөт убагында кошуундун ортосуна киришти да, амондуктарды күн ысыганча талкалашты. Калгандары чачырап кетти, алардын экиден жүргөнү да калган жок.

12 Ошондо эл Шемуелге мындай деди: «“Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” – дегендер ким? Ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз».

13 Бирок Шабул мындай деди: «Бүгүн эч кимди өлтүрүүгө болбойт, анткени бүгүн Теңир Ысрайылды куткарды».

14 Шемуел элге: «Гилгалга баралы, ошол жерде падышачылыкты жаңыртабыз», – деди.

15 Бүткүл эл Гилгалга барды да, Гилгалда, Теңирдин алдында Шабулду падыша көтөрүштү, анан ошол жерде, Теңирдин алдында тынчтык курмандыктарын чалышты. Шабул менен ысрайылдыктар ошол жерде аябай көңүл ачышты.