Жезекиел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жезекиел 15 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Жүзүм сабагынын жыгачы ар кандай башка жыгачтардын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Жүзүм сабагынын бутактары токойдогу дарактардын арасында кандай артыкчылыкка ээ?

3 Андан кандайдыр бир буюм жасаганга болобу? Кандайдыр бир буюм илиш үчүн андан, жок дегенде, илгич жасоого болобу?

4 Ал отко жем болот. Анын эки четин от жалмады, анын ортосу да күйүп кетти. Андан кандайдыр бир буюм жасоого болобу?

5 Бүтүн кезинде эле ал буюм жасаганга жараган эмес. От жалмап салгандан кийин, күйүп калгандан кийин, ал кандайдыр бир буюм жасаганга жарамак беле?»

6 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен токой дарактарынын арасындагы жүзүм сабагынын жыгачын отко жем кылгандай, Иерусалимдин тургундарын да отко жем кылам.

7 Мен Өз жүзүмдү аларга каршы бурам. Алар бир оттон чыгышса, башка от жалмайт. Мен Өз жүзүмдү аларга каршы бурганда, Менин Теңир экенимди билесиңер.

8 Алар ишенимсиздик кылышканы үчүн, Мен бул жерди чөлгө айлантам», – дейт Кудай-Теңир.