Жезекиел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жезекиел 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Сен, адам уулу, айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл жеринин акыры келди, жердин төрт тарабынын акыры келди.

3 Эми сенин күнүң бүттү. Сага каршы Өзүмдүн каарымды жиберем, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.

4 Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер”».

5 Кудай-Теңир мындай дейт: «Кырсык, мына, бир кырсык келе жатат.

6 Акыры келди, акыры келди, ал сага каршы көтөрүлдү, мына, жетти.

7 Кырсык сага жетти, жер тургуну! Убакыт келди, ал күн жакын, тоолордогу кубанычтуу кыйкырыктын күнү эмес, дүрбөлөңдүү күн келерине жакын калды.

8 Мына, Мен жакында сенин үстүңө Өзүмдүн каарымды төгөм, Өзүмдүн сага каршы ачуумду аягына чыгарам, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.

9 Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, сага жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин жазалоочу Теңир экенимди билесиңер.

10 Мына, ал күн, мына, келди! Сенин убагың келди! Таяк гүлдөдү, текебердик өсүп чыкты.

11 Кыянаттык мыйзамсыздыктын таягына айланды. Алардан, алардын тукумунан эч ким калбайт, алардын байлыгынан эч нерсе калбайт, аларды жоктоп ыйлашпайт.

12 Убакыт келди, күн жакындады. Сатып алган адам кубанбасын, саткан адам ыйлабасын, анткени каар алардын көп сандаган элинин үстүндө.

13 Анткени саткан адам өзү тирүү калса да, сатылган нерсесине кайрылып келбейт. Анткени алардын көп сандаган эли жөнүндөгү пайгамбарчылык көрүнүш жокко чыкпайт, мыйзамсыздыгы менен эч ким өз өмүрүн чыңдай албайт.

14 Сурнай тартышты, бардыгы даяр болду, бирок согушка барган эч ким жок. Анткени Менин каарым алардын көп сандаган элинин үстүндө.

15 Үйдүн сыртында – кылыч, ал эми үйдүн ичинде – жугуштуу оору жана ачарчылык. Ким талаада болсо, ал кылычтан өлөт, ал эми ким шаарда болсо, аны жугуштуу оору менен ачкачылык жейт.

16 Алардын арасынан аман калгандар качып кетишет, алардын баары тоолордо болушат. Ар бири өз мыйзамсыздыгы үчүн өрөөндүн көгүчкөндөрүндөй болуп онтойт.

17 Баарынын колдору шалдаят, баарынын тизелери сууга окшоп титирейт.

18 Ошондо алар зумбал курчанышат, аларды калтырак басат. Алардын баарынын жүздөрүндө уялуу болот, баштарындагы чачтары түшөт.

19 Алар өздөрүнүн күмүштөрүн көчөгө ыргытышат, алтындары алар үчүн таза эмес нерсе сыяктуу болуп калат. Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды өздөрүнүн алтыны менен күмүшү куткара албайт. Алар аны менен жандарын тойгуза алышпайт, курсактарын да толтура алышпайт, анткени алардын мыйзамсыздыгына ошолор түрткү болгон.

20 Алардан жасалган сонун жасалгаларды алар өздөрүнүн даңкы үчүн колдонушту, алардан өздөрүнүн жийиркеничтүү буркандарынын сүрөттөрүн жасашты. Ошондуктан аларды алар үчүн таза эмес нерсеге айландырам.

21 Аны башкалардын колуна олжого берем, жер жүзүнүн мыйзамсыз адамдарына талатам, алар аны булгашат.

22 Мен алардан Өз жүзүмдү бурам, ошондо алар Менин жүрөгүмдө сакталган жайды булгашат, ага талап-тоноочулар кирип, аны булгашат.

23 Чынжыр жаса, анткени бул жер кандуу кылмыштарга толгон, шаар зордук-зомбулукка толгон.

24 Мен элдердин арасынан өтө каардуу адамдарды алып келем, алар алардын үйлөрүн ээлеп алышат. Күчтүүлөрдүн текебердигин аягына чыгарам, алардын ыйык жайлары булганат.

25 Кыргын келе жатат. Тынчтыкты издешет, бирок табышпайт.

26 Кырсыктын артынан кырсык, кабардын артынан кабар келет, пайгамбардан көрүнүш сурашат, ыйык кызмат кылуучудан мыйзам кетет, карылардан акыл-насаат кетет.

27 Падыша аза күтөт, төрөнү коркунуч басат, бул жердеги элдин колдору калтырайт. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша кылам, аларды өздөрүнүн сотторуна жараша соттойм. Ошондо Менин Теңир экенимди билишет».