- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
1 Алтынчы жылы, алтынчы айдын бешинчи күнү мен өзүмдүн үйүмдө отургам. Жүйүт аксакалдары алдымда отурушкан. Мага ошол жерде Кудай-Теңирдин колу түштү.
2 Ошондо мен оттун көрүнүшүнө окшогон бирөөнү көрдүм, анын белинен төмөн – от, белинен жогору жалындын жарыгындай жаркырак эле.
3 Ал колго окшогон бир нерсени сунуп, мени чачтан алды, ошондо рух мени асман менен жердин ортосуна көтөрдү, ал мени Кудайдын көрүнүштөрүндө Иерусалимге, түндүктү караган ички дарбазанын кире беришине, кызганчаактыкты козгогон кызганчаактыктын жасалма кудайы орнотулган жерге алып келди.
4 Ошол жерде Ысрайыл Кудайынын мен талаадан көргөн даңкка окшош даңкы турган эле.
5 Ал мага: «Адам уулу! Түндүк тарапка көз чаптыр», – деди. Мен түндүккө көз чаптырдым, мына, кире бериште турган ошол кызганчаактыктын жасалма кудайы курмандык чалынуучу жайдын дарбазасынын түндүк жагында экен.
6 Анан Ал мага: «Адам уулу! Алардын эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Мен Өзүмдүн ыйык жайымдан кетип калышым үчүн, ушул жерде Ысрайылдын кандай чоң жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрүп турасыңбы? Дагы бурулсаң, мындан да көп жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.
7 Анан Ал мени короонун кире беришине алып келди, мен көз жибердим, дубалда бир тешик бар экен.
8 Анан Ал мага: «Адам уулу! Дубалды теш!» – деди. Мен дубалды тештим, кандайдыр бир эшик көрүндү.
9 Ошондо мага: «Кир, алардын ушул жерде кылып жаткан эң жаман жийиркеничтүү иштерин көр», – деди.
10 Мен кирдим, ошондо сойлоочулардын, таза эмес жаныбарлардын ар кандай сүрөттөрүн, Ысрайылдын дубалдарга тегерете оюп түшүрүлгөн ар кандай жасалма кудайларын көрдүм.
11 Алардын алдында Ысрайылдын аксакалдарынан жетимиш киши туруптур, алардын арасында Сапан уулу Жазания да бар экен. Ар биринин колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөк бар эле, жыпар жыттуу заттын коюу түтүнү жогору көтөрүлүп жатты.
12 Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу, Ысрайылдын аксакалдары караңгы жерде, ар бири өзүнүн сүрөт тартылган бөлмөсүндө эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Анткени алар: “Теңир бизди көрбөйт, Теңир бул жерди таштап кетти”, – дешет».
13 Анан Ал мага: «Дагы бурул, ошондо алардын мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрөсүң», – деди.
14 Анан Ал мени Теңир үйүнүн түндүк тарабындагы дарбазасынын кире беришине алып барды, мен ал жерден Тамузду жоктоп ыйлап отурган аялдарды көрдүм.
15 Анан Ал мага: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Дагы бурулсаң, мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.
16 Анан Ал мени Теңир үйүнүн ички короосуна алып барды, Теңирдин ийбадатканасынын эшигинин алдында, кире бериш бөлмө менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда жыйырма бешке жакын эркек Теңирдин ийбадатканасына артын салып турушуптур. Алар жүздөрү менен чыгышка бурулуп, чыгыштагы күнгө табынып жатышты.
17 Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Жүйүт үйүнө өздөрүнүн ушул жерде кылган ушундай жийиркеничтүү иштери аздык кылып жатабы? Мындан сырткары, алар жерди кыянат иштерге толтуруп, Мени өзгөчө каардантып жатышат. Алар өз мурундарына бутактарды жакын алып барып жатышат.
18 Ошондуктан Мен да каардуу мамиле кылам, Менин көзүм аябайт, ырайым кылбайм. Алар Менин кулагыма катуу кыйкырышса да, аларды укпайм».