- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
1 «Сен, адам уулу, кыш ал, аны өзүңдүн алдыңа кой, анан ага Иерусалим шаарынын сүрөтүн тарт.
2 Аны курчоого ал, ага каршы чеп кур, анын тегерегине жал үй, кошуун жайгаштыр, тегерете дубал бузгучтарды кой.
3 Темир таба алып, аны өзүң менен шаардын ортосуна темир дубал катары кой, анан шаарга жүзүңдү бур. Ал курчоодо калат, сен аны курчоого ал. Бул Ысрайылга белги болот.
4 Сол капталың менен жат, анан анын үстүнө Ысрайылдын мыйзамсыздыгын кой. Сол капталың менен жаткан күндөрдүн саны боюнча сен алардын мыйзамсыздыгын көтөрөсүң.
5 Мен сага алардын мыйзамсыздык кылган жылдарынын санын күндөрдүн саны менен белгилеп бердим: Ысрайылдын мыйзамсыздыгын сен үч жүз токсон күн көтөрөсүң.
6 Муну аткаргандан кийин, кийинки жолу оң капталың менен жат, Жүйүттүн мыйзамсыздыгын кырк күн көтөр, бир күн бир жылга барабар, Мен сага бир күндү бир жылга белгилеп бердим.
7 Жүзүңдү жана жылаңач оң колуңду Иерусалим курчоосуна бур, анан ага каршы пайгамбарчылык кыл.
8 Мен сага кишен салдым, сенин курчоодо турган күндөрүң бүтмөйүнчө, бир капталыңдан экинчи капталыңа оодарылбайсың.
9 Өзүңө буудай, арпа, буурчак, жасмык, таруу жана кара буудай алып, аларды бир идишке салып, алардан капталың менен жаткан күндөрдүн саны боюнча нан жаса. Аларды сен үч жүз токсон күн жейсиң.
10 Жей турган тамагыңды таразага тартып, күнүнө жыйырма шекелден же, аны эртеден кечке чейин өз маалы менен же.
11 Сууну да өлчөмү менен ич, гиндин алтыдан бир бөлүгүн ич. Эртеден кечке чейин өз убагы менен ушинтип ич.
12 Аларды арпа нан жегендей, аларды элдин көз алдында адамдын заңына бышыр».
13 Анан Теңир мындай деди: «Ысрайыл уулдары Мен аларды кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасында ушинтип таза эмес нан жешет».
14 Ошондо мен: «О Кудай-Теңирим! Менин жаным эч качан булганган эмес, жаш чагымдан ушул күнгө чейин тарпты да, жырткыч тытып кеткенди да жеген эмесмин. Эч кандай таза эмес эт оозума кирген эмес», – дедим.
15 Ошондо Ал мага: «Мен сага адамдын заңынын ордуна уйдун тезегин уруксат кылам, наныңды ошого бышыр», – деди.
16 Анан мага: «Адам уулу! Мен Иерусалимдеги нан булагын кыйратам. Ошондо алар нанды өлчөп, кайгырып жешет, сууну да өлчөп, көңүлдөрү чөгүп ичишет.
17 Себеби аларда суу менен нан жетишсиз болот. Алар бири-бирине коркунуч менен карашат, өз мыйзамсыздыгы үчүн соолуп жок болушат, – деди.