- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
1 Он биринчи жылдын үчүнчү айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:
2 «Адам уулу! Мисир падышасы фараонго жана анын элине айт: “Улуулугуң менен сен өзүңдү кимге теңейсиң?
3 Ашур Лебанондо бутактары кооз, жалбырактары көлөкөлүү, бийик кедр болчу. Анын чокусу булуттар арасында эле.
4 Аны суулар өстүрдү, туңгуюк жогору көтөрдү; анын дарыялары көчөттөрүнүн айланасында акчу, ал өзүнүн агымдарын бүт талаа дарактарына жиберип турчу.
5 Ошондуктан анын бийиктиги бүт талаа дарактарынан бийик болду, ал өсүп жатканда суу көп болгондуктан, бутактары жыш болду, шактары калың болду, бутактары узарды.
6 Анын бутактарына ар кандай асман канаттуулары уя салышты, анын бутактарынын астында талаа жырткычтары бала туушту, анын көлөкөсүнүн астында ар кандай көп сандаган элдер жашашты.
7 Ал өзүнүн бийиктиги, бутактарынын узундугу менен көрктүү болду, анткени анын тамыры чоң суулардын жанында эле.
8 Кудайдын багындагы кедрлер ага көлөкө түшүргөн жок. Кызыл карагайлар анын бутактарына да тең келе албады, чынарлар анын шактарына да тең келе албады, өзүнүн кооздугу менен Кудайдын багындагы бир да дарак ага тең келе албады.
9 Мен аны бутактарынын көптүгү менен кооз кылдым, Кудайдын багындагы бардык Эйден дарактары ага көз артышчу”.
10 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал бийик болуп өстү, чокусу булуттар арасына жетти, өзүнүн бийиктиги менен жүрөгү да көтөрүлдү.
11 Ошон үчүн Мен аны элдердин эң күчтүүсүнүн колуна бердим. Ал ага анын иштерине жараша мамиле кылды. Мен аны мыйзамсыздыгы үчүн кууп чыктым.
12 Элдердин ичинен эң каардуу болгон чет жерликтер аны кыйып, таштап салышты. Анын шактары тоолорго жана бүт өрөөндөргө түштү. Бутактары жердин бардык кокту-колотторунда талкаланып калды, анын көлөкөсүнүн астында жашаган элдердин баары аны таштап кетип калышты.
13 Анын сынган бутактарынын арасына ар түркүн асман канаттуулары уя салышты, анын шактарына ар кандай талаа жырткычтары жайгашты.
14 Суу жээгиндеги бир да дарак өзүнүн бийиктиги менен менменсинбесин үчүн, чокуларын булуттар арасына жеткирбесин үчүн, суу ичкендердин баары анын бийиктигин көрүп, анын артынан көтөрүлбөсүн үчүн ушундай болду. Анткени булардын баары өлүм жазасына тартылып, көргө кирген адамдар менен бирге өлгөндөр жаткан жайга кетишет”.
15 Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал өлгөндөр жаткан жайга кирген күнү Мен ал үчүн аза күттүм, ал үчүн туңгуюкту жаптым, анын дарыяларын токтоттум, чоң сууларды тостум, ал үчүн Мен Лебанонду кайгыга салдым, ал үчүн бүт талаа дарактары кайгыга батты.
16 Ал кулаганда чыккан дабыш менен Мен элдерди титиреттим, аны көргө киргендер менен бирге өлгөндөр жаткан жайга түшүрдүм. Ошондо өлгөндөр жаткан жайдагы Эйден дарактарынын баары, Лебанондун тандамал, эң кооз дарактарынын баары, суу ичкендердин баары сооронушту.
17 Анткени булар да, элдердин ичинен анын көлөкөсүнүн астында жашаган шериктештери да аны менен кошо өлгөндөр жаткан жайга, кылычтан өлгөндөрдүн жанына түшүштү.
18 Ошентип, сен өзүңдүн даңкың жана бийиктигиң менен Эйден дарактарынын кайсынысына тең келе алдың? Бирок эми сен Эйден дарактары менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлөсүң, кылычтан өлгөндөр менен кошо сүннөткө отургузулбагандардын арасына жатасың. Булар – фараон жана анын көптөгөн эли”», – дейт Кудай-Теңир.