- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
1 Анан мага Теңирден сөз болду:
2 «Адам уулу! Жүзүңдү Сеир тоосуна буруп, ага каршы пайгамбарчылык кыл.
3 Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага каршымын, Сеир тоосу! Мен Өз колумду сага каршы сунуп, сени эч ким жашабаган ээн жерге айландырам.
4 Шаарларыңды урандыга айландырам, сен өзүң да ээн талаага айланасың, ошондо Менин Теңир экенимди билесиң.
5 Сенде түбөлүк кастык болгондуктан, башына мүшкүл түшкөн убакта, акыркы кыйроо убагында Ысрайыл уулдарын кылычтын колуна берип турдуң.
6 Ошон үчүн, – Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир, – сени канга айлантам, кан сенин артыңан түшөт. Сен канды жек көрбөгөнүң үчүн, кан сенин артыңан түшөт.
7 Сеир тоосун эл жашабаган ээн жерге айландырам, ал жакка баргандарды жана ал жактан кайткандарды жок кылам.
8 Анын тоолорун өзүнүн өлүктөрүнө толтурам. Сенин адырларыңда, өрөөндөрүңдө жана дарыяларыңдын нуктарында кылычтан өлгөндөр кулашат.
9 Сени түбөлүк чөлгө айлантам, сенин шаарларыңда эч ким жашабайт, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.
10 Анткени сен Теңир ошол жерде экенине карабастан, "Бул эки эл да, бул эки жер да меники болот, биз аларды ээлеп алабыз", – деп айттың.
11 Ошон үчүн Мен тирүүмүн! Мен сага аларды жек көргөнүңө жараша, аларды жек көргөндүктөн, аларга көрсөткөн көрө албастыгыңа жараша кылам, сени жазалагандан кийин, аларга Өзүм келем, – дейт Кудай-Теңир.
12 Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, Мен силердин Ысрайыл тоолорун: "Алар кыйратылды! Бизге жегенге берилди!" – деп табалаганыңардын баарын уктум.
13 Силер өзүңөрдү Менин алдымда тилиңер менен жогору көтөрдүңөр, Мага каршы сөзүңөрдү көбөйттүңөр. Муну Мен уктум".
14 Кудай-Теңир мындай дейт: "Бүт жер жүзү кубанып жатканда, Мен сени чөлгө айлантам.
15 Ысрайыл үйүнүн энчиси кыйратылганына кубанганың үчүн, Мен да сага ошондой кылам: Сеир тоосу, кыйратыласың, бүт Эдом жери да бүт бойдон кыйратылат, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”.