Жезекиел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жезекиел 25 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Өз жүзүңдү Амон уулдарына бур, аларга каршы пайгамбарчылык кыл.

3 Амон уулдарына айт: “Кудай-Теңирдин сөзүн уккула! Кудай-Теңир мындай дейт: "Сен Менин ыйык жайым булганганда, Ысрайыл жери кыйратылганда, Жүйүт туткундалып кеткенде, ‘И-и! И-и!’ дегениң үчүн,

4 мына ошон үчүн Мен сени чыгыш уулдарына мураска берем, алар сенин жериңе өз кошуундарын коюшат, сенин жериңе өз чатырларын тигишет, сенин жемиштериңди жешет, сенин сүтүңдү ичишет.

5 Мен Рабени төөлөрдүн жайытына айландырам, Амон уулдарынын жерин койлор үчүн жатак жер кылам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер"”».

6 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Сен кол чаап, жер тепкилегениң үчүн, Ысрайыл жерин жек көрүп, чын жүрөктөн кубанып турганың үчүн,

7 ошон үчүн Мен Өз колумду сага каршы сунуп, сени элдерге талатып-тонотом, сени элдердин арасынан жок кылам, жер үстүнөн атыңды өчүрөм, сени талкалайм, ошондо сен Менин Теңир экенимди билесиң».

8 Кудай-Теңир мындай дейт: «Маап менен Сеир: “Жүйүт да башка элдердей эле болуп калды!” – дешкени үчүн,

9 ошон үчүн, Мен Мааптын капталын анын шаарларынан баштап, жердин асылы болгон анын бардык чек ара шаарларынан: Бейт-Айешимоттон, Баал-Мейондон жана Кирийатайимден баштап ачам.

10 Аны чыгыш уулдары үчүн ачып, элдер арасында мындан ары Амон уулдарынын аты аталбас үчүн, аны Амон уулдары менен бирге чыгыш уулдарына мураска берем.

11 Ошентип, Маапты жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».

12 Кудай-Теңир мындай дейт: «Эдом Жүйүт үйүнөн ырайымсыз өч алганы үчүн, андан өч алып оор күнөөгө батканы үчүн,

13 ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Колумду Эдомго каршы сунуп, анын элин да, малын да жок кылам, аны Теймандан тартып Дыданга чейин кыйратам, алардын баары кылычтан өлүшөт.

14 Мен Эдомдон Өзүмдүн Ысрайыл элимдин колу менен өч алам. Алар Эдомдон Менин каарым менен, Менин кыжырым менен өч алышат, ошондо Менин өч алып жатканымды билишет», – дейт Кудай-Теңир.

15 Кудай-Теңир мындай дейт: «Пелиштиликтер өч алганы үчүн, түбөлүк кастык үчүн кырып, жүрөгүндө жек көрүү менен өч алганы үчүн,

16 ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Мен Өз колумду пелиштиликтерге каршы сунам, криттиктерди кырам, алардын деңиз жээгиндеги калдыгын жок кылам.

17 Алардан каардуу жазалар менен катуу өч алам. Мен алардан өч алып жатканда, Менин Теңир экенимди билишет».