Римдиктерге кат 10 Бөлүм
1 Боордоштор, Ысрайыл элинин куткарылышын ушунчалык эңсеп, бул жөнүндө Кудайга жалынып сыйынып жатам.
2 Алардын Кудайга жагууга бүт дитин койгондоруна мен күбөмүн. Бирок буга кантип жетишүүнү алар билишкен жок.
3 Адамдардын акталышына Кудай кандай жол сызып койгонун билишпеген алар буга өз жолу менен жетүүгө далалаттанып, Анын белгилеген акталуу жол-жобосуна баш ийбей келүүдө.
4 Өзүнө ишенген ар кимди Кудай алдында ак кылыш үчүн Машаяк Тоорат мыйзамын аткаруу талабын жоюп таштады.
5 Тоорат мыйзамын аткарып акталуу жөнүндө Муса мындай жазган: «Мыйзамдын жол-жоболорун аткарган адам алар аркылуу өмүргө ээ болот».
6 Ал эми ишеним аркылуу акталуу жөнүндө төмөнкүлөр жазылган: «Өзүңдөн: "Көккө ким чыкмак эле?"— башкача айтканда, "Машаякты жерге ким алып келмек эле?" — деп сурабай эле кой.
7 "Жердин түпкүрүнө ким түшмөк эле?"— башкача айтканда, "Машаякты өлгөндөрдөн ким алып келмек эле?" — деп суроонун да кажети жок».
8 Бул тууралуу Ыйык Жазууда мындай делген: «Кудайдын Сөзү жаныңда — Оозуңда жана дилиңде». Бул сөз — биз жар салып жүргөн ишеним жөнүндөгү кабар.
9 Башкача айтканда, Ыйсанын Эге экенин мойнуңа алып, дилиңден Кудай Аны өлгөндөн тирилткенине ишенсең, куткарыласың.
10 Анткени дилинен ишенген адам — акталат; оозу менен ачык айтып моюндаган адам — куткарылат.
11 Ыйык Жазуу айткандай, «Ага таянган адамдардын бири да уят болбойт».
12 Бул иудейлерге да, иудей эместерге да тийиштүү. Бардыгынын Эгеси бир, Өзүнө кайрылгандардын баарына Ал ак батасын мол берет.
13 Анткени, жазылгандай, «Эгебиздин ысмын чакыргандын ар бири куткарылат».
14 Бирок Ага ишенбегендер Анын ысмын кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпагандар Ага кантип ишенишет? Кабар алып келген бирөө болбосо, кантип угушат?
15 Жиберген эч ким жок болсо, кантип кабар жеткиришет? Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Жакшы Кабар таратылып жатканын Көрүп турсаң, кандай сонун бул өзү!»
16 Бирок Жакшы Кабарды баары эле кабыл албады. Бул тууралуу Ышая пайгамбар: «Бизден уккан кабарга, Эгем, кимдер ишенди?» — деген экен.
17 Ошентип, ишеним — кабар угуудан, кабар угуунун өзү болсо Машаяктын Жакшы Кабарын жар салуудан келет.
18 Анда мындай собол таштайын: эврейлер, эмне, кабарды укпай калышты беле? Албетте, угушкан! Анткени, жазылып тургандай: «Үндөрү жер жүзүнө жаңырганда, Сөздөрү жетти дүйнө четтерине».
19 Дагы да сурайын: эмне айтылганын Ысрайыл түшүнбөй калды беле? Муса буга биринчи болуп жооп берген: «Эл болбогон калк менен Кызгантамын силерди; Акылы жок эл менен Кыжырлантам силерди».
20 Ышая болсо тайманбай, андан да ачык айтат: «Мени издеп көрбөгөн Элдер Мени табышты; Мени сурап көрбөгөн Элдерге Мен көрүндүм».
21 Ысрайыл туурасында болсо ал мындай дейт: «Бир күн кечке күттүм, созуп колумду, Тилим албай, каршы чыккан элимди».