меню

Римдиктерге кат 12 Бөлүм

тез өтүү:

1 Боордоштор, Кудай силерге не деген кайрымдуулугун көрсөттү. Андыктан силерден суранам: жан-тениңерди Кудайга багыштап, Ага жагымдуу, ыйык, тирүү курмандык катары бергиле. Ага чыныгы кызмат кылганыңар мына ушу.

2 Бул дүйнөнү туурап жашабагыла. Андан көрө акыл-оюңарды жаңыртып өзгөргүлө. Ошондо Кудайдын силерге болгон эркин: эмнелер жакшы, жагымдуу жана жеткилең экендигин түшүнүп билүүгө жөндөмдүү болосуңар.

3 Кудай ырайым этип дайындаган адам катары силерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүү болуп, өзүңөрдү Кудай ар бириңерге берген ишенимге жараша баамдагыла.

4 Бир дене көп мүчөдөн туруп, бардык мүчөлөрдүн аткарган милдети бирдей болбойт.

5 Ошол сыяктуу, биз да көп болуп туруп, Машаяктын денесин түзөбүз да бири-бирибизге карата өз ара байланышкан мүчөлөрбүз.

6 Кудай ырайым менен ыроологон касиеттерибиз ар кандай болуп, ар кандай милдет аткарабыз. Кимибизге пайгамбарчылык айтуу касиети берилсе, аны өз ишенимибизге жараша колдонолу.

7 Кызматчылык касиети барыбыз, кызмат кылалы, окута турганыбыз, окуталы.

8 Башкаларга кайрат бере алганыбыз, кайрат берели. Колунда барын бөлүшкөнүбүз, жоомарт бололу. Жетекчилик кылганыбыз, талыкпай иштейли. Кайрымдуулук кылганыбыз, аныбызды кубаныч менен аткаралы.

9 Сүйсөк, чын дилибизден сүйөлү. Жамандыктан четтеп, жакшылыктан калбагыла.

10 Бири-бириңерге бир тууганча мээримдүү болуп, бири-бириңерден аша сый көрсөткүлө.

11 Эринчээк болбогула. Рухуңар менен жалындап, Эгебизге талыкпай кызмат кылгыла.

12 Үмүттөн кол үзбөй, ар дайым кубанычта болгула. Кыйынчылыктарда чыдамдуу, сыйынууда туруктуу болгула.

13 Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам көрсөтүп, чоочун бирөө келсе, меймандостук менен тосуп жүргүлө.

14 Өзүңөрдү куугунтуктап жаткандарга бата тилеп, каргабай, кайра алкап тургула.

15 Кубангандар менен чогуу кубанып, ыйлагандардын кайгысын бөлүшкүлө.

16 Өз ара ынтымактуу болгула. Көөдөнүңөрдү көтөрбөй, андан көрө токтоо кишилер менен катташып тургула. Өзүңөрдү акылдуу санабагыла.

17 Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла да урмат-сыйга татырлык иштерди кылууну ойлогула.

18 Бардыгы менен тынччылыкта жашаш үчүн колуңардан келишинче аракет кылгыла.

19 Сүйүктүүлөрүм, эч кимден өч албагыла, ар кимдин жазасын Кудай Өзү берсин. Анткени Ыйык Жазууда Эгебиз мындай дейт: «Өч алуу — Менин ишим, Мен берем тиешесин».

20 Тескерисинче, «Касташканың ач болсо, азык бергин, Касташканың чаңкаса, суусун бергин, Таш урганга кимде-ким ашын сунса, Жакшылыгы душманын уяткарат».

21 Бирөөнүн жамандыгына алдырбай, андан көрө жамандыкты жакшылык менен жеңип чыккыла.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16