меню

Римдиктерге кат 14 Бөлүм


1 Ишенимде алсыз болгондорду кабыл алгыла да, алар менен талашпагыла.

2 Кээ бир адамдардын ишеними аларга бардыгын жегенге жол берет, бирок ишеними алсыз адам жашылча менен гана азыктанат.

3 Кимиңер бардыгын жей алсаңар, тамакты ылгап жегендерди кемсинтпегиле. Ошондой эле кимиңер тамакты ылгап жесеңер, бардыгын жегендерди айыптабагыла. Анткени баарыңарды Кудай Өзү кабыл алган.

4 Бирөөнүн кызматчыларын айыптагандай сен ким элең? Алардын айыпталар-айыпталбасын өз ээси билет. Аларды колдоп, айыпталбагандай кылууга Эгебиздин кудурети жетет.

5 Кээ бирөөлөр үчүн кайсыдыр бир күн калгандарынан артык, башкалары үчүн болсо күндөрдүн баары бирдей болот. Ар ким кайсынысын туура деп ойлосо, ошого жараша иш кылсын.

6 Ким белгилүү бир күндү артыкча көрсө, ал муну Эгебиздин урматына кылат. Тамактын баарын жей берген адам да муну, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, Эгебиздин урматына кылат. Ошондой эле тамакты ылгап жеген адам да муну Эгебиздин урматына кылып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирет.

7 Жашаганыбыз да, өлгөнүбүз да өзүбүз үчүн гана эмес.

8 Жашасак да, Эгебиз үчүн жашайбыз, жаныбызды берсек да, Эгебиз үчүн беребиз. Ошентип, жашасак да, өлсөк да, Эгебиз менен болобуз.

9 Анткени Машаяк тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да Эгеси болуш үчүн өлүп кайра тирилген.

10 Андай болсо, өз боордошуңду айыптаганың кандай? Же аны эмне үчүн кемсинтесиң? Баарыбыз тең Соттоочу Кудайдын алдына барат эмеспизби?

11 Анткени Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жараткан Эге айтат: ант беремин Өзүмдүн атым менен, бардык элдер Алдымда тизе бүгөт, ар бир пенде Оозу менен Кудайым деп тааныйт Мени».

12 Ошентип, ар бирибиз кылган ишибиз үчүн Кудай алдында жооп беребиз.

13 Демек, бири бирибизди айыптаганыбызды токтотпосок болбойт. Андан көрө, боордошторубузга кедерги болгон же азгырган иштерди жасабайлы деген чечимге келели.

14 Эгебиз Ыйса менен тыгыз байланышта болуп, мен эч бир тамак өзүнөн өзү арам болбосун жана аны арам эсептегендер үчүн гана арам болорун билем.

15 Эгерде жеген тамагың боордошуңду иренжитсе, анда мындай кылганың сүйүүгө жатпайт. Машаяктын курмандыгы менен куткарылган адам сенин кандай тамак жегениңди көрүп, ошонун айынан кыйрап калбасын!

16 Жакшы деп жүргөн нерсеңдин жаман делишине жол бербе.

17 Анткени Кудайдын Падышачылыгы эмне жеп, эмне ичкенибизде эмес. Ал — Ыйык Рух ыроологон адилдик, бейпилдик жана кубаныч менен жашаганыбызда.

18 Машаякка мына ушинтип кызмат кылганыңар Кудайдын көңүлүнө да толот, башкалардын колдоосуна да татыйт.

19 Ошентип, арабызга тынччылык алып келип, бири-бирибизди бекемдеп турган нерселерди жасоону көздөйлү.

20 Тамак үчүн Кудайдын кылган ишине доо кетирбе. Арийне, бардык тамак адал. Бирок жеген тамагыңдын кимдир бирөөгө кедерги болгону жакшылыкка жатпайт.

21 Андан көрө эт жебей, шарап ичпей же боордошуңа кедерги болгон башка нерселерди кылбай койгонуң оң.

22 Кайсынысын туура деп ишенсең, бул Кудай экөөңөрдүн ортоңордо болсун. Эмнени тандаганы үчүн өзүн айыптабаган адам ырыстуу.

23 Бирок шек санап жегендериң үчүн айыпталасың, себеби муну ишеним менен кылган жоксуң. Ал эми туура деп ишенбей туруп кылынган ар бир иш күнөө болуп эсептелет.

24-25 Кудайды даңктайлы! Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаганым жана Ал Өзү мурда, кылымдар бою адамдардан жашырын сактап, эми ачып берген чындыгын жар салганым аркылуу силердин ишенимиңерди бекемдөөгө Анын кудурети жетет. Түбөлүктүү Кудайдын буйругу менен пайгамбарлар жазып кеткен бул чындыкты жар салганыбыздын максаты — башка элдердин бардыгын ишенимге багындыруу болчу.

26 Бирден бир акылман Кудайыбызга Ыйса Машаяк аркылуу кылымдардан кылымдарга даңк болсун! Оомийин.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16