меню

Римдиктерге кат 9 Бөлүм

тез өтүү:

1 Машаякка таандык адам катары чындыгын айтып жатам (сөзүм жалган эмес экендигине Ыйык Рухка багынган абийирим күбө):

2 зор кайгыга батып, жаным тынбай сыздап,

3 каныбыз бир боордошторумдун куткарылышы үчүн өзүм каргышка калып, Машаяктан айрылышым керек болсо, ошого да даяр элем.

4 Алар — ысрайылдыктар, Кудайдын асырап алган, даңкына бөлөгөн, келишим түзүп, Тоорат мыйзамын калтырган, чыныгы ийбадат кылып, Анын убадаларын энчилеген эли.

5 Алар атактуу ата-бабалардан тарап, адам кейпин кийип келген Машаяк да ушул элден чыккан. Ал бардыгынан жогору туруп, бардыгын бийлеген Кудай. Ага түбөлүк алкыш болсун! Оомийин.

6 Бирок ысрайылдыктардын көпчүлүгү Машаякты кабыл албаса да, Кудай аларга берген убадасын аткарбай койду дегенге болбойт, анткени ысрайылдык болуп туулгандын баары эле чыныгы ысрайылдык эмес.

7 Ыбрайымдын урпактары да толугу менен анын балдары эмес. Кудай ага: «Ыскактын урпактары сенин тукумуң аталат»— деген.

8 Башкача айтканда, Ыбрайымдан тарагандардын баары эле Кудайдын балдары боло бербейт. Убада боюнча туулгандары гана чыныгы урпак болуп эсептелет.

9 Кудайдын убадасы болсо бул: «Эмки жылы, дал ушул убакта Мен кайра келем да, аялың Саранын уулу болот».

10 Бул гана эмес. Бабабыз Ыскактан боюна эгиз уул бүткөн Рабига да ушундай болгон.

11-12 Балдары али туула электе эле, эч жамандык же жакшылык кыла электе эле, Кудай алардын бирин тандап алып, Рабигага: «улуусу кичүүсүнө кызмат кылат», — деген. Ошону менен Ал адамды кылган ишине жараша эмес, тек гана Өзүнүн максатына ылайык тандаарын көрсөткөн.

13 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жакыпты жакшы көрүп, Эйсапты жаратпадым».

14 Буга биз эмне дей алабыз? Кудай адилетсиз деп айта алабызбы? Албетте, анте албайбыз.

15 Анткени Мусага Ал мындай деген болчу: «Кимге ырайым этсем, ошого ырайымдуу болом, Кимге боорум ачыса, ошону аяйм».

16 Ошентип, бардыгы адамдын каалоосунан же кылган аракетинен эмес, кайрым көрсөтчү Кудайдын эркинен болот.

17 Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай дегени бар: «Кудуретимди сен аркылуу көрсөтүп, ысмымды жер жүзүнө жар салыш үчүн гана Мен сенин зоболоңду бийик көтөрдүм».

18 Демек, кимге кайрымдуу болорун, кимди катаал кыларын Кудай Өзү билет.

19 Бирөөңөр мага айтарсыңар: «Андай болсо, эмне үчүн Ал бизди айыпка жыгат? Анын эркине каршы турар бирөө барбы?»

20 Эй, пенде, деги Кудай менен акыйлашкандай сен ким элең? Жасалган буюм өзүн жасаганга: «Эмне үчүн сен мени ушундай кылып койдуң», — демек беле?

21 Бир эле топурактан кымбат баалуу кумура да, жөнөкөй идиш да жасаш карапачынын өз эрки эмеспи?

22 Анын сыңарындай, Кудай да адамзатка Өз каарын көрсөткүсү, Өзүнүн улуу кудуретин билдиргиси келет. Бирок, ошого карабай, каарына калып, курут боло тургандарды көпкө чейин кыйратпай чыдап келди.

23 Минткени Анын ырайымына татып, даңкына бөлөнүүгө даярдалгандарга Өзүнүн чексиз улуулугун көрсөтүш үчүн болсочу?

24 Ал бизди иудейлердин арасынан гана эмес, башка элдердин ичинен да чакырып алды.

25 Ошуя китебинде бул тууралуу Кудай мындай дейт: «Менин элим болбогон элди алып, Аларды Мен Өз элим атап коём. Мурда Өзүм сүйбөгөн элди алып, Аларды сүйгөн элим атап коём».

26 «Эми алар: силер Менин элим эмес, — Деп мурда айткан жердин дал өзүндө Аталат тирүү Кудай балдары деп».

27 Ышая да Ысрайыл элине мындай деп жар салат: «Ысрайылдын уулдары Көк деңиздин жээгинде Жаткан сансыз кумга окшоп Көп болсо да, алардын Сакталганы аз болот.

28 Анткени жер үстүндө Өз өкүмүн Эгедер Чечкиндүү да тезден-тез Аткарганы калыптыр».

29 Ышая алдын ала айткандай: «Кудуреттүү Кудайым Тукумунан элимдин Калтырбаса бир азын, Кыйрайт элек анда биз Гомор менен Содомдой».

30 Эми, эмне дейли? Акталууну издебеген башка элдер Кудай алдында ак деп табылды. Алардын акталганы — ишенимден.

31 Тоорат мыйзамы аркылуу акталууну издеген Ысрайылдын болсо аны аткарууга кудурети жетпеди.

32 Бул эмне үчүн ушундай болду? Анткени алар ишенимге эмес, кылган иштерине таянып алышкан эле. Ошентип, Ысрайылдын буту кедерги ташка чалынган экен.

33 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мына эми Сион аттуу шаарыма Адамдарды чалынткан да кулаткан Мен таш коём. Ошол ташка таянган Адамдардын уят болбойт бири да».

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16