Римдиктерге кат 3 Бөлүм
1 Деги иудей болуунун артыкчылыгы эмнеде? Сүннөткө олтуруунун кандай пайдасы бар?
2 Иудейлердин көп жагынан артыкчылыгы бар! Бул артыкчылык эң алды Кудай сөзү иудейлерге берилгенинде.
3 Ал эми алардын кээ бири ишенимсиз болгон болсочу? Бул Кудай ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы?
4 Албетте, чыгарбайт! Адамдардын ар бири жалганчы болгон күнү да Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазууда айтылгандай, «Андыктан эмне айтсаң, сөзүң — чындык, Соттошсоң, доого жыгып, жеңиш — Сенде».
5 Бирок биздин адилетсиздигибиз аркылуу Кудайдын адилеттиги ачык-айкын көрүнсө, анда эмне дешибиз керек? Кудай Өз каарын төккөндө адилетсиз болуп чыгабы? (муну мен адамдык акылга салып айтып жатам).
6 Албетте, андай эмес! Андай болгондо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?
7 Ал эми мен жалган айтканым аркылуу Кудайдын чындыгы гана артып, улуулугу мурдагыдан көбүрөөк көрүнсөчү? Андай болсо, менин дале күнөөкөр катары айыпталганымдын жөнү эмнеде?
8 Анда жакшылык болуш үчүн жамандык кылбайлыбы? Кээ бири мени дал ушуга үйрөтүп жатат деп, мага жалаа жаап жүрүшөт. Бирок Кудай калыс. Ал алардын өздөрүн айыпка жыгат.
9 Демек, биз, иудейлер, башкалардан артык экенбиз да? Жок, андай эмес. Анткени мен буга чейин эле көрсөткөндөй, иудейлер да, иудей эместер да — баары күнөөнүн бийлиги астында турушат.
10 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Адил болгон эч ким жок, Бирин дагы таппайсың,
11 Акыл-эстүү бири жок, Кудайды эч ким издебейт.
12 Кудайдан баары баш тартып; Жарамсыз болду бардыгы; Жакшылык кылган эч ким жок, Таба албайсың бирин да».
13 «Сөздөрү оозу ачылган көрдөй сасык; Тилдери жалган гана айтып турат, Жыландын заарын чачат эриндери».
14 «Ооздоруна ачуу сөз, каргыш толгон».
15 «Буттары кан төккөнгө шашылууда;
16 Кайда барса, кыйроо, кайгы алпкелүүдө.
17 Ынтымак эмне экенин билбейт алар».
18 «Кудайдан коркуу деген дээринде жок».
19 Биз билгендей, мыйзамда жазылгандын баары мыйзам алдында жашагандарга тийиштүү. Ал өзүн актайм дегендерди ооз ачырбай, бүтүндөй дүйнөнү Кудай сотунда жооп бергендей кылат.
20 Себеби мыйзам талаптарын аткаруу менен Кудай алдында эч ким актала албайт. Мыйзам аркылуу биз өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди гана түшүнө алабыз.
21 Бирок эми Кудай адам баласына акталуунун жолун белгилүү кылды. Тоорат менен пайгамбарлардын жазгандарында акталуунун жолдору жөнүндө кеп болгону менен, акталуунун өзү мыйзамды аткаруудан келбейт.
22 Кудай адамдарды алардын Ыйса Машаякка арткан ишеними аркылуу актайт. Ыйса Машаякка ишенип акталуу ишенгендердин бардыгы үчүн берилген: эч бир адамдын башкалардан айырмачылыгы жок,
23 себеби баары күнөө кетиришип, Кудайдын улуулугунан куру алакан калышты.
24 Эми болсо Кудайдын ырайымы менен бардыгы бекер акталууга ээ болушту. Бул акталуу күнөөбүздүн кунун төлөп, бизге эркиндик берген Машаяк Ыйса аркылуу келет.
25-26 Адамдардын мурда кылган күнөөлөрүн Кудай чыдамдуулук менен жазалабай келди. Эми, Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн, Ал Машаякты биз үчүн курмандыкка берди. Машаяктын каны Ага ишенгендердин баарын күнөөдөн арылтты. Муну менен Кудай адилеттүү экенин жана Ыйсага ишенген ар кимди актап койгонун көрсөттү.
27 Андай болсо, биздин сыймыктангыдай эмнебиз бар? Эч нерсебиз! Актанганыбыз эмненин негизинде? Мыйзам талаптарын аткарганыбыздынбы? Жок, ишенгенибиздин.
28 Анткени биз адам баласы Кудай алдында мыйзам талаптарын аткаруу менен эмес, тек гана ишеним менен акталат дебедикпи.
29 Ал эми Кудайчы? Ал иудейлердин гана Кудайыбы? Же иудей эместердин да Кудайыбы? Албетте, алардыкы да.
30 Кудай — бирөө. Ал сүннөттөлгөндү да, сүннөттөлбөгөндү да ишенгени үчүн актайт.
31 Демек, ишенимибиз менен биз мыйзамды жокко чыгарат турбайбызбы? Жок, андай эмес. Ишенимибиз аркылуу мыйзам бекемделет.