меню

Римдиктерге кат 15 Бөлүм


1 Биз, бек ишенимде болгондор, ишеними аздардын алсыздыгын көтөрө билүүгө тийишпиз. Өзүбүздү гана ойлоп иш кылбайлы.

2 Башкалардын пайдасы үчүн, алардын ишенимин бекемдегидей, ар бирибиз алар үчүн кам көрүшүбүз керек.

3 Анткени Машаяк да Өзүнүкүн көздөгөн жок. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Сага тилин тийгизген Адамдардын кордугу Түштү менин башыма».

4 Мурда жазылгандардын бардыгы болсо, бекемдик аркылуу жана Ыйык Жазуунун кайрат берүүчү сөздөрү аркылуу үмүтүбүздөн кол үзбөшүбүз үчүн, бизге сабак катары берилген болчу.

5 Бекемдик менен кайраттуулуктун булагы болгон Кудай Машаяк Ыйсанын эркине ылайык силерге өз ара ынтымак берсин.

6 Ошондо силер бир ниет менен, бир ооздон Кудайыбызды — Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасын даңазалап тура аласыңар.

7 Кудайдын атагын чыгарыш үчүн, Машаяк өзүңөрдү кандай кабыл алса, силер да бири бириңерди ошондой кабыл алгыла.

8 Анткени, силерге айтам, ата-бабаларына берилген убаданы орундатып, ысрайылдыктарга Кудайдын ишенимдүү экенин көрсөтүү үчүн Машаяк аларга кызматчы болуп берди.

9 Анын кылганы аркылуу эми башка элдер да Кудайдын ырайымын көрүп, Аны даңазалай алышат. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Башка элдердин арасында Сени даңктайм, Ысмыңды даңазалап, Сага ырдайм».

10 Дагы мындай деп айтылган: «Кудайымдын тандалган эли менен Кубангыла кошулуп башка элдер!»

11 Жана дагы: «Башка элдер, баарыңар, мактагыла Эгемди! Бүт дүнүйө калктары, даңктагыла Эгемди!»

12 Ышая да мындай дейт: «Жесей баба Урпагы келип калат, Башка элдердин үстүнөн бийлик кылат. Алар болсо үмүтүн Ага артат».

13 Үмүт берчү Кудайыбыз Өзүнө арткан ишенимиңер аркылуу силерди кубаныч менен бейпилдикке бөлөсүн. Ошондо Ыйык Рух Өз кудурети менен үмүтүңөрдү көбөйткөндөн көбөйтөт.

14 Боордошторум, мен өзүм силердин бардык жакшылык менен керектүү билимге ээ болуп, бири-бириңерге акыл-насаат айтып тура аларыңарга ынандым.

15 Бирок, ошентсе да, айрым нерселерди эсиңерге салайын деп, бул катымда баарын ачык жаздым. Минткен себебим, Кудай мага ырайым этип,

16 башка элдерге Машаяктын кызматчысы кылып жиберген. Ошондогу милдетим — аларга Жакшы Кабарды жар салганым аркылуу динкызматчылык парзымды аткарып, Ыйык Рух ыйыктаган аларды Кудайга жагымдуу «курмандык» катары тартуу кылууда болчу.

17 Мына эми Машаяк Ыйса менен бирге Кудайга кылган кызматым менен сыймыктансам да болгудай,

18 себеби Машаяктын мен аркылуу, айткан сөзүм менен кылган ишим аркылуу башка улуттагыларды кантип Кудайга баш ийдиргенинен башка нерселерди айтууга батынгыдай эмесмин.

19 Ал болсо муну Өзү көрсөткөн кереметтүү жышаандар, Ыйык Рухтун кудурети менен кылды. Ошондон улам гана мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды Иерусалимден баштап, Илирикке чейин жайылта алдым.

20 Башка бирөө салган негиздин үстүнө курбаш үчүн, мен дайыма Машаяк жөнүндө эч кабарсыз болгондорго барып Жакшы Кабар таратууну артык көргөм.

21 Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал жөнүндө эч кабар албагандар көрүшөт, Ал жөнүндө эч качан укпагандар билишет».

22 Мына ошон үчүн канча жолу силерге барайын дегенимде, жолум бөгөлүп калчу.

23 Бирок эми, ошол аймактарда кызмат кылгыдай жерим калбаган соң, көп жылдан бери эңсегенимдей, силерге келип кетейин дейм.

24 Муну мен Испанияга баратканымда жолдон кылармын. Ошондо силер менен көрүшүп-баарлашып, бир аз болсо да, араңарда жүрүп кеткенден кийин мени узатып коёсуңар деген үмүттөмүн.

25 Бирок азыр Иерусалимге барып, ал жактагы ыйыктарга кызмат кылмакчымын,

26 анткени Македония менен Ахая аймактарындагылар өз ыктыяры менен Иерусалимдеги муктаж болгон ыйыктарга акчалай жардам берүүнү чечишти.

27 Бул алардын өз чечими болду. Бирок, чынында, мындай жардам берүү алар үчүн парыз дагы, себеби ысрайылдыктар башка элдер менен өз рухий казынасынан бөлүшүп жатса, башка элдер да алар менен өз дүйнөлүк казынасынан беришүүгө тийиш.

28 Иерусалимдегилерге алар үчүн чогултулган акчаны жеткирип, бул ишимди бүткөргөндө, Испанияга сапар тартып, жолдон силерге кире кетем.

29 Мен силерге келгенимде, Машаяктын мол батасы менен келеримди билем.

30 Боордоштор, баарыбыз тең Эгебиз Ыйса Машаякка ишенип, Ыйык Рух бизге өз ара сүйүү бергенин эске алып, силерден өтүнөм: мага кошулуп, мен үчүн Кудайга аябай сыйынып тургула.

31 Иудеяга барганымда, Кудайыбыз мени Машаякка ишенбегендерден сактап, Иерусалимдегилерге көрсөткөн кызматым ал жактагы ыйыктар тарабынан кабыл алынсын деп сыйынып тургула.

32 Ошондо, Кудай кааласа, силерге кубаныч менен келем да, араңарда болгонум мага дагы кубат берер.

33 Бейпилдик берүүчү Кудай баарыңарга жар болсун. Оомийин.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16