Римдиктерге кат 4 Бөлүм
1 Андай болсо, бабабыз Ыбрайым туурасында биз эмне деп айтмакчыбыз? Ал эмне болду эле?
2 Эгерде ал кылган иши менен акталса, бул мактоого татырлык, бирок Кудай алдында эмес.
3 Жазууда айтылгандай, «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды».
4 Иш кылган адамдын алган акысы белек болуп эсептелбейт, бул анын ишине жараша алган тиешеси.
5 Ал эми ким кылган ишине таянбастан, адилетсиз адамды кечирип актай алар Кудайды эш тутса, ишенгенин көрүп, Кудай аны Өзү актап алат.
6 Дөөт да ушуну эске алып, кылган ишине карабай Кудай Өзү актап алган адам ырыстуу деп айткан.
7 «Адилетсиз иштери кечирилип, Күнөөлөрү жабылгандар ырыстуу!
8 Мойнуна күнөөлөрүн Жараткан Ээ Койбогон ар бир адам ырыстуу!»
9 Дөөт айткан ырыстуулук сүннөткө олтурган иудейлерге гана тийиштүүбү, же сүннөткө олтургузулбаган башка улуттагыларга дагыбы? Биз азыр эле «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды» деп айтпадыкпы.
10 А бул качан болгон? Ыбрайым сүннөткө олтургандан кийинби же ошого чейинби? Сүннөттөлгөндөн кийин эмес, ага чейин.
11 Анын сүннөтү кийин кесилип, сүннөттүн өзү Кудай аны сүннөткө отура электе эле ишенгендиги үчүн актап алгандыгынын белгиси болгон. Ошентип, сүннөткө олтурбаганына карабай, Кудайга ишенгени үчүн актала тургандардын баарынын түпкү атасы Ыбрайым болуп калды.
12 Ошондой эле ал сүннөткө олтургандардын, бирок, сүннөттөн тышкары, анын сүннөттөлгөнгө чейинки ишениминдей ишенимге ээ болгондордун да атасы.
13 Кудай Ыбрайымдын жана анын урпактарынын энчисине бүткүл дүйнө тиерин убада кылганда, Ал муну Ыбрайым мыйзам талаптарын аткарган үчүн эмес, ишенип, ишеним аркылуу ак деп табылган үчүн кылган.
14 Эгерде мыйзам талаптарын аткаргандар мураскор болушса, анда ишеним куру бекер болуп, убада өз күчүн жоготмок.
15 Мыйзам Кудайдын каарын гана алып келе алат, бирок мыйзам жок жерде аны бузуу да жок.
16 Ошентип, Кудайдын убадасы ишенимге негизделип, Анын ырайымы катары Ыбрайымдын бардык урпактарына: мыйзамды аткаргандарына да, Ыбрайымга окшоп ишенгендерине да бекер берилери кепилдикке алынды. Ал — биздин баарыбызга ата.
17 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылдым».Өлгөндөргө кайрадан өмүр берип, жок нерсени бар кылуучу Кудайга ишенген үчүн ал ушундай убадага ээ болгон.
18 Үмүтүнөн кол үзгүдөй болгон кезде да Ыбрайым үмүтүнөн жазбай, Ыйык Жазууда «укум-тукумуң сан жылдыздай көп болот»деп жазылгандай, убадага ылайык «көптөгөн элдердин атасы» болоруна ишене берди.
19 Жашы жүзгө барып, денесинин өлүк болгону калганын жана аялы Саранын бала төрөр мезгили эбак өтүп кеткенин туйганда да ал ишенимин жоготподу.
20 Ишеними өчпөгөн Ыбрайым Кудай Өз убадасын аткарарынан эч күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, ал Кудайды мактап турду.
21 Кудай эмнени убада кылса, ошону аткарууга кудуреттүү экенине ал толук ишенди.
22 Мына ошондуктан ишенгени үчүн Ыбрайым «Кудай алдында ак деп табылды».
23-24 Ыйык Жазуудагы бул сөз жалгыз ага гана тийиштүү болбостон, Эгебиз Ыйсаны өлгөндөн тирилткен Кудайга ишенип, ошол ишенимибиз аркылуу актала турган биз үчүн да жазылган.
25 Күнөөбүздүн кунун төлөш үчүн Ыйса курмандыкка берилип, бизди Кудай алдында акташ үчүн өлгөндөн кайра тирилген.