- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Дөөттүн уулу Сулайман өзүнүн падышалыгында күчтүү падыша болду. Кудай-Теңири аны менен болуп, аны жогору көтөрдү.
2 Сулайман бүт Ысрайылга, миң башылары менен жүз башыларына, башкаруучулары менен бүт Ысрайылдагы уруу башчыларына чогулууга буйрук берди.
3 Сулайман бүткүл эл менен Гибондогу бийик жерге келди, анткени Кудайдын кулу Муса чөлдө тургузган Теңирдин жыйын чатыры ошол жерде эле.
4 Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден ал үчүн даярдап койгон жерге алып келди. Анткени Дөөт ал үчүн Иерусалимде жыйын чатырын курган.
5 Хурдун уулу болгон Уринин уулу Бетселел жезден жасаган курмандык чалынуучу жай болсо ошол жерде, Теңирдин жыйын чатырынын алдында калган. Сулайман эл менен бирге Кудайга кайрылыш үчүн барды.
6 Сулайман ошол жерде, Теңирдин алдында, жыйын чатырынын алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүндө миң бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалды.
7 Ошол түнү Кудай Сулайманга келип: «Мен сага эмне берейин, сура?» – деди.
8 Сулайман Кудайга мындай деди: «Сен менин атам Дөөткө улуу ырайым көрсөттүң, анын ордуна мени падыша кылдың.
9 Кудай-Теңирим, Сенин атам Дөөткө айткан сөзүң аткарылсын! Жер топурагындай сан жетпеген элге Сен мени падыша кылып койдуң.
10 Эми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер, бул элдин алдында чыгып, кирип турайын. Анткени Сенин бул улуу элиңди ким башкара алат?»
11 Кудай Сулайманга мындай деди: «Жүрөгүңдө ушундай каалоо болгону үчүн жана сен байлык, мал-мүлк, атак-даңк, кас душмандарыңдын жанын, ал тургай, узак өмүр да сурабастан, Мен сени падыша кылган элди башкарууга акыл менен билим сураганың үчүн,
12 сага акыл да, билим да берем. Мен сага сенден мурунку, сенден кийинки падышаларда болбогон байлыкты, мал-мүлктү, атак-даңкты берем».
13 Сулайман Гибондогу бийик жерден, жыйын чатырынан, Иерусалимге келди. Ал Ысрайылда падышачылык кылып турду.
14 Сулайман майдан арабаларын, атчан аскерлерди топтоду. Анын бир миң төрт жүз майдан арабасы, он эки миң атчан аскери бар эле. Ал аларды майдан арабалар коюлган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.
15 Падыша Иерусалимде алтын жана күмүштөрдүн баасын таштын баасына теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тыттын баасына теңеди.
16 Аттарды Сулайманга Мисирден жана Кебейден алып келишчү. Падышанын соодагерлери аларды Кебейден акчага сатып алышчу.
17 Мисирден майдан арабаны алты жүз күмүш шекелге, атты жүз элүү күмүш шекелге сатып алып турушту. Так ушундай жол менен алар хеттиктердин жана рамдыктардын бардык падышаларына да өз колдору менен жеткирип турушту.