2 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Жылнаама 36 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жүйүт эли Жошиянын уулу Жаахазды атасынын ордуна падыша кылып койду.

2 Жаахаз такка отурганда, жыйырма үч жашта эле, ал Иерусалимге үч ай гана падышачылык кылды.

3 Аны Иерусалимдеги тагынан Мисир падышасы кулатты да, алардын жерине жүз таланттан күмүш жана бир таланттан алтын салык салды.

4 Мисир падышасы Жүйүт аймагы менен Иерусалимге анын бир тууганы Элийакимди падыша кылып, анын атын Жайаким кылып өзгөрттү. Ал эми анын бир тууганы Жаахазды Нехо Мисирге туткундап кетти.

5 Жайаким такка отурганда, жыйырма беш жашта эле, ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Ал өз Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылды.

6 Ага Бабыл падышасы Небухаданасар кол салып, аны Бабылга алып кетиш үчүн, кишендеп салды.

7 Небухаданасар Теңирдин үйүндөгү алтын идиштердин бир бөлүгүн алып, Бабылга алып кетип, Бабылдагы бутканасына коюп койду.

8 Жайакимдин калган иштери, анын жийиркеничтүү иштери Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган. Анын ордуна уулу Жайахин падыша болду.

9 Жайахин такка отурганда, он сегиз жашта эле, ал Иерусалимде үч ай он күн падышачылык кылды. Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды.

10 Бир жыл өткөндөн кийин, Небухаданасар падыша Теңирдин үйүндөгү кымбат баалуу идиштер менен кошо аны Бабылга алып келүүгө буйрук кылды. Ал Жүйүт аймагы менен Иерусалимге Жайахиндин жакын тууганы Ситкияны падыша кылып койду.

11 Ситкия такка отурганда, жыйырма бир жашта эле, ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды.

12 Ал өз Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылды. Теңирдин атынан пайгамбарчылык сөздөрдү айткан Жеремия пайгамбардын алдында ал моюн сунган жок.

13 Ал Кудайдын атынан ант алган Небухаданасар падышадан бөлүнүп кетти. Ал катуу өжөрлөнүп, жүрөгүн таш кылып, ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине кайрылган жок.

14 Ыйык кызмат кылуучуларга жана элге башчылык кылган бардык башкаруучулар да бутпарастарды туурап, көп күнөөгө батып, Иерусалимде Теңир Өзү ыйыктаган Теңирдин үйүн булгашты.

15 Ошондо алардын ата-бабаларынын Кудай-Теңири таң азандан аларга элчилерин жөнөттү, анткени ал Өз элин, Өз турак-жайын аяды.

16 Бирок алар Кудай жиберген элчилерди шылдың кылышып, алардын сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын маскаралашты, ошондо Теңир Өз элине абдан каарданды. Аларды Теңирдин каарынан эч нерсе куткарып кала алган жок.

17 Теңир аларга Каздим падышасын жиберди, алардын ыйык жайында улан-кыздарды кылычтап өлтүрүштү, алар жаш баланы да, жаш кызды да, чал-кемпирди да, эч кимди аяшкан жок, анткени Теңир бардыгын алардын колуна салып берди.

18 Кудайдын үйүндөгү кичине дебей, чоң дебей, бардык идиштерди, Теңирдин үйүндөгү, падышанын үйүндөгү, төрөлөрдүн үйүндөгү бардык казына-байлыктарды Бабылга алып кетишти.

19 Кудайдын үйүн өрттөп, Иерусалимдин дубалдарын кыйратып салышты. Анын бардык үйлөрүн өрттөп, асыл буюмдарын талкалап кетишти.

20 Кылыч мизинен аман калгандарды ал Бабылга көчүрдү. Персия падышасы такка келгенге чейин, алар ага жана анын уулдарына кул болуп калышты.

21 Теңирдин Жеремия пайгамбардын оозу менен айткан сөздөрү аткарылганга чейин, жер өзүнүн ишемби жылдарында эс алган эмес, жер кыйроо учурунда жетимиш жыл бою эс алды.

22 Ал эми Персия падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында Теңирдин Жеремиянын оозу менен айткан сөздөрү ордунан чыгыш үчүн, Теңир Персия падышасы Корештин рухун козгоду. Ошондо ал өзү бийлеп турган бардык падышачылыкка оозеки да, кат жүзүндө да мындай деп жарыялоону буйрук кылды:

23 «Персия падышасы Кореш мындай дейт: Асмандагы Кудай, Теңир мага жер жүзүнүн бардык падышачылыктарын берди. Ал Жүйүт аймагындагы Иерусалимге Теңирдин үйүн курууну мага буйрук кылды. Араңарда Анын элинен ким калса, ал ошол жакка бет алсын, Кудай аны менен болот».