- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Рехабам Шекемге жөнөдү, анткени бүт ысрайылдыктар аны падыша кылыш үчүн, Шекемге келишкен эле.
2 Небаттын уулу Жаробам бул тууралуу угары менен Мисирден кайтып келди, анткени ал Сулаймандан качып, Мисирде жашап турган.
3 Ага киши жиберип чакыртышты. Жаробам менен бүткүл Ысрайыл келип, Рехабамга мындай дешти:
4 «Сенин атаң бизге оор моюнтурук салган, сен эми атаңдын бизге салган оор моюнтуругун жана оор жумушун жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
5 Рехабам аларга: «Үч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.
6 Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында турган аксакалдар менен кеңешип, алардан: «Кандай кеңеш бересиңер, бул элге эмне деп жооп берейин?» – деп сурады.
7 Алар: «Эгерде сен бул элге жакшы мамиле кылсаң, алардын көңүлүн алсаң, алар менен жакшы сүйлөшсөң, анда алар сага өмүр бою кул болушат», – дешти.
8 Бирок ал аксакалдар айткан акылды укпай, өзүнүн алдында турган, өзү менен бирге өскөн жаш мырзалар менен кеңешти.
9 Аларга: «Кандай кеңеш бересиңер, атаң башыбызга салган оор моюнтурукту жеңилдет деп жаткан элге эмне деп жооп берейин?» – деди.
10 Аны менен бирге өскөн жаш мырзалар ага мындай дешти: «“Атаң бизди эзген, сен ал моюнтурукту жеңилдет”, – деген элге сен: “Атамдын белинен менин чыпалагым жоонураак,
11 атам силерге оор моюнтурук салса, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен сабаса, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм”, – дегин».
12 Жаробам менен бүт эл Рехабамга үчүнчү күнү келишти, анткени ал: «Үч күндөн кийин кайра келгиле», – деп айткан эле.
13 Ошондо падыша аларга катаал жооп берди. Рехабам падыша аксакалдардын акылын укпай, жаш мырзалардын кеңеши боюнча мындай деди:
14 «Атам силерге оор моюнтурук салган, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен жазаласа, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм».
15 Ошентип, падыша элдин өтүнүчүн укпай койду, анткени бул Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небаттын уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн, Кудайдан болгон эле.
16 Падыша алардын сөзүн укпай койгонун көргөн ысрайылдыктардын баары ага: «Дөөттө биздин кандай үлүшүбүз бар? Жышайдын уулунда үлүшүбүз жок. Өз үйүңөргө тарагыла, Ысрайыл! Эми өз урууңду бил, Дөөт», – дешти. Ысрайылдыктар үйлөрүнө тарап кетишти.
17 Рехабам Жүйүт шаарларында турган Ысрайыл уулдарына гана падыша болуп калды.
18 Рехабам Адонурам башчыны салык чогултканы жибергенде, Ысрайыл эли аны таш бараңга алып өлтүрдү. Рехабам падыша арабасына отуруп, Иерусалимге качып жөнөдү.
19 Ысрайыл ошондон бүгүнкүгө чейин Дөөт тукумуна каршы.