2 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Жылнаама 8 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирдин үйү менен өз үйүн Сулайман жыйырма жылда куруп бүттү.

2 Анан ал Хирам берген шаарларды кайрадан куруп, ал шаарларга Ысрайыл уулдарын отурукташтырды.

3 Сулайман Хамат-Собага барып, аны каратып алды.

4 Чөлгө Тадмор шаарын курду, ал азык-түлүк сактоо үчүн, Хаматка бардык шаарларды курду.

5 Ал дубалдары бийик, дарбазалары, кулпулары бекем, чептүү жогорку Бейт-Хорон менен төмөнкү Бейт-Хоронду,

6 Баалатты жана Сулаймандын азык-түлүк сактоо үчүн курулган бардык шаарларын кайрадан курду. Майдан арабалар менен атчан аскерлер үчүн, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө тиешелүү жерлерде курам деген бардык шаарларды курду.

7 Ысрайыл уулдарынан болбогон хеттиктерден, аморлуктардан, периздиктерден, хибиликтерден жана жебустуктардан калган бардык элди,

8 Ысрайыл уулдары тирүү калтырган алардын балдарынын бардыгын Сулайман бүгүнкү күнгө чейин эрксиз жумушчу кылып салган.

9 Сулайман Ысрайыл уулдарын болсо өз жумуштарына иштеткен жок, алар аскерлер, аны кайтарган сакчылардын башчылары, майдан арабалардын, атчан аскерлердин башчылары эле.

10 Сулайман падышанын эл башкарган башкы көзөмөлдөөчүлөрүнүн саны эки жүз элүү болду.

11 Сулайман фараондун кызын Дөөттүн шаарынан ал үчүн курган үйгө көчүрүп келди. Себеби ал: «Ысрайыл падышасы Дөөттүн үйүндө аял жашабашы керек, анткени Теңирдин келишим сандыгы турган үй ыйык», – деди.

12 Ошондон кийин Сулайман Мусанын осуяты боюнча, ар бир күндүн эрежеси менен ишембиде, ай жаңырганда жана жылына үч жолу: Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында, Алачыктар майрамында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруу үчүн,

13 Кудай үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн алдында орнотулган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чала баштады.

14 Анан ал атасы Дөөттүн буйругу боюнча кызмат кылуу кезегин белгиледи. Ал ар бир күндүн мыйзамы боюнча Теңирди даңктап, ыйык кызмат кылуучулардын жанында кызмат кылып турушу үчүн, ыйык кызмат кылуучулардын кызмат кылуу кезегин, лебилердин кайтаруу кезегин белгиледи. Ошондой эле дарбазачылардын ар бир дарбазаны кайтаруу кезегин белгиледи. Анткени Кудайдын кишиси Дөөттүн буйругу ушундай болчу.

15 Алар ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, казынага карата берилген падышанын эч бир буйругун бузушкан жок.

16 Теңирдин үйүнүн пайдубалын кургандан баштап, аны толук бүтүргөнгө чейин, Сулаймандын бардык иштери ушундай тартипте болду.

17 Ошондон кийин Сулайман эдомдуктардын жериндеги деңиз жээгинде жайгашкан Этсион-Гебер менен Эйлатка жөнөдү.

18 Хирам ага өзүнүн кишилери менен кошо кемелерди жана деңизди жакшы билген кулдарды жөнөттү. Алар Сулаймандын кулдары менен Опирге барып, ал жерден төрт жүз элүү талант алтын алышып, Сулайман падышага жеткиришти.