- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Асанын ордуна уулу Жошапат падыша болду. Ал ысрайылдыктар менен согушууга күч топтоду.
2 Ал Жүйүт аймагынын чыңдалган бардык шаарларына аскерлерин койду. Жүйүттүн бардык жерлерине, атасы Аса каратып алган Эпрайымдын шаарларына күзөт аскерлерин койду.
3 Теңир Жошапат менен болду, анткени ал өз атасы Дөөттүн алгачкы жолу менен жүрдү, Баалдарга табынган жок.
4 Ал атасынын Кудайын издеп, Анын осуяты менен жүрдү, ал эми ысрайылдыктардын кылгандарын кылган жок.
5 Теңир анын падышалыгын бекемдеди. Жүйүттөрдүн бардыгы ага тартууларын берип турушту. Ал көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду.
6 Ал Теңирдин жолунда кайраттанды. Ал бийик жерлердеги бутканаларды да, Жүйүт аймагындагы Ашейра мамыларын да алып таштады.
7 Падышачылыгынын үчүнчү жылында ал өз төрөлөрү: Бен-Кайылды, Обадияны, Захарияны, Натанаелди, Михейди элди үйрөтүш үчүн, Жүйүттүн шаарларына жөнөттү.
8 Аларга кошуп: Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобия, Тоб-Адония деген лебилерди жана Элишама, Жорам деген ыйык кызмат кылуучуларды жөнөттү.
9 Алар Теңирдин мыйзам китебин өздөрү менен кошо алып жүрүп, Жүйүт аймагынын бардык шаарларын кыдырып, элди окутуп жатышты.
10 Ошондо Жүйүт аймагынын тегерегиндеги жерлердин бардык падышачылыктарына Теңирден коркунуч туулду. Ошондуктан алар Жошапат менен согушушкан жок.
11 Пелиштиликтер болсо Жошапатка тартууларды жана салыкка күмүшалып келишти. Аравиялыктар да майда малдан: жети миң жети жүз кочкор, жети миң жети жүз теке айдап келишти.
12 Жошапат күч алгандан күч алып, Жүйүт аймагына чептерди азык-түлүк сактоо үчүн шаарларды курду.
13 Анын Жүйүт шаарларында сактап койгон азык-түлүгү өтө көп эле, ал эми Иерусалимде эр жүрөк аскер адамдары турду.
14 Алардын өз уруулары боюнча тизмеси: Жүйүттүн миң башылары: аскер башчы Адна, анын үч жүз миң эң мыкты жоокери болгон;
15 Андан кийин аскер башчы Жоханан, анын эки жүз сексен миң жоокери болгон;
16 Андан кийин Теңирге берилген Зихринин уулу Аматсия, анын эң мыкты эки жүз миң жоокери болгон;
17 Бенжеминден: мыкты жоокер Элийада, анын калкан, жаа менен куралданган эки жүз миң жоокери болгон;
18 Андан кийин Жейозабат турат, анын курал-жарактуу жүз сексен миң жоокери болгон;
19 Жүйүт аймагынын бардык чыңдалган шаарларына падыша калтырган аскерлерден тышкары падышага кызмат кылган жоокерлер ушулар.