2 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Жылнаама 11 Бөлүм

тез өтүү:

1 Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл менен согушуп, падышалыгын кайрып алыш үчүн, Жүйүт менен Бенжеминдин тукумунан жүз сексен миң тандамал аскер жыйнады.

2 Кудайдын кишиси Шемаяга Теңирден мындай деген сөз айтылды:

3 «Жүйүт падышасы, Сулаймандын уулу Рехабамга жана Жүйүт менен Бенжемин тукуму болгон бүт ысрайылдыктарга мындай дегин:

4 Теңир мындай айтты де: Бир туугандарыңарга каршы чыкпагыла, алар менен согушпагыла. Ар кимиңер өз үйүңөргө кайткыла, анткени муну Мен кылып жатам». Алар Теңирдин айтканына тил алып, Жаробамга каршы барбай, үйлөрүнө кайтышты.

5 Рехабам Иерусалимде жашап турду. Ал Жүйүт аймагынын шаарларын дубалдар менен курчады.

6 Жүйүт аймагындагы жана Бенжеминдеги шаарларды: Бейт-Лехемди, Эйтамды, Текояны,

7 Бейт-Сурду, Сохону, Адуламды,

8 Гатты, Марейшаны, Зупту,

9 Адорайымды, Лакишти, Азейканы,

10 Сораны, Айалонду, Хебронду чыңдады.

11 Ал бул шаарлардын чептерин бекемдеп, аларга башчыларды койду жана дан азыктары, дарак майлары менен шараптар үчүн кампаларды курду.

12 Ар бир шаарга калкандарды, найзаларды берип, абдан бекемдеди. Анын карамагында Жүйүт менен Бенжемин калды.

13 Ысрайыл жергесинде турган ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер ар тараптан ага келип кошулушту.

14 Анткени лебилер шаарлардын жанындагы өздөрүнүн жайыттарын жана ээлик жерлерин таштап, Жүйүт аймагына жана Иерусалимге келишти. Аларды Жаробам менен анын уулдары Теңирге кызмат кылуудан четтетип,

15 өзү жасаган бийик жерлердеги бутканаларга да, текелерге да, букачарларга да буткана кызматчыларын койгон болчу.

16 Лебилердин артынан Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Ысрайылдын Кудай-Теңирин издеш үчүн жүрөгүн бургандар ата-бабаларынын Кудай-Теңирине курмандык чалыш үчүн Иерусалимге келишти.

17 Алар жүйүттөрдүн падышалыгын бекемдеп, Сулаймандын уулу Рехабамды үч жыл колдошту, анткени алар үч жыл Дөөт менен Сулаймандын жолун жолдошту.

18 Рехабам Дөөттүн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Жышайдын уулу Элийаптын кызы Абикейил эле.

19 Абикейил ага Жейуш, Шемария, Заама деген уулдарды төрөп берди.

20 Андан кийин ал Абышаломдун кызы Мааханы алды. Ал аялы ага Абиям, Атай, Зиза жана Шеломит деген балдарды төрөп берди.

21 Рехабам бардык аялдары менен күң аялдарынын ичинен Абышаломдун кызы Мааханы жакшы көрчү. Рехабамдын он сегиз аялы жана алтымыш күң аялы болгон, алардан жыйырма сегиз уул жана алтымыш кыз төрөлгөн.

22 Рехабам Мааханын уулу Абиямды бир туугандарынын үстүнөн үй башчысы жана төрө кылып койду, анткени аны падыша кылгысы келди.

23 Рехабам акыл менен иш жүргүзүп, бардык уулдарын Жүйүт жана Бенжемин жерлерине, чептүү шаарларга жайгаштырып, аларга көп мүлк берип, көп аял алып берди.