- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Асанын падышачылыгынын отуз алтынчы жылында Ысрайыл падышасы Бааша Жүйүт аймагына каршы көтөрүлдү. Жүйүт падышасы Асага эч ким өтүп кетпесин деп, Бааша Раманы кура баштады.
2 Аса Теңирдин үйү менен падыша үйүнүн казынасынан алтын-күмүштөрдү алып чыгып, Дамаскта жашаган Сирия падышасы Бенадатка жөнөтүп, мындай деп айттырды:
3 «Менин атам менен сенин атаңдын ортосундагыдай, экөөбүздүн ортобузда да тынчтык келишими болсун. Мен сага алтын-күмүш жөнөттүм, Ысрайыл падышасы Бааша менен түзгөн келишимиңди буз, ал менин жанымдан артка чегинсин».
4 Бенадат падыша Асанын тилин алып, өз аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына каршы жөнөттү. Алар Ийон, Дан, Абел-Майымды азык-түлүктөрүнүн баары сакталган Напталы шаарларын талкалашты.
5 Бааша бул тууралуу укканда, Раманы курууну токтотту. Ошентип, ал өз ишин токтотту.
6 Аса падыша жүйүттөрдүн баарын чогултуп, Баашанын курулуш үчүн колдонгон таштары менен жыгачтарын Рамадан ташып кетти да, алардан Гиба менен Миспаны курду.
7 Ошол учурда көрөгөч Ханани Жүйүт падышасы Асага келип, ага мындай деди: «Сен өз Кудай-Теңириңе таянбай, Сирия падышасына таянгандыгың үчүн, Сирия падышасынын аскерлери колуңдан качып кутулуп кетти.
8 Эфиопиялыктар менен луптуктар сага караганда күчтүү эмес беле, алардын майдан арабалары менен атчан аскерлери сансыз көп эмес беле? Бирок сен Теңирге таянгандыктан, Теңир аларды сенин колуңа салып берген.
9 Анткени Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат. Сен азыр акылсыз иш кылдың. Ошон үчүн мындан ары сага каршы согуш болуп турат».
10 Аса көрөгөчкө ачууланып, аны зынданга камады. Ал ачуулангандыктан ушундай кылды. Ошол учурда Аса эл ичиндеги кээ бир адамдарды да кысымга алды.
11 Асанын алгачкы жана акыркы иштери Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.
12 Падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында, Асанын буту ооруп, бутунун оорусу өйдөлөп отуруп, жогорку мүчөлөрүнө жетти. Бирок ал ооруп жатканда, Теңирди издебей, дарыгерлерге кайрылды.
13 Ошентип, Аса көз жуумп, ата-бабаларына кошулду, ал падышачылыгынын кырк биринчи жылында көз жумду.
14 Аны Дөөттүн шаарына, өзү салган мүрзөгө коюшту. Аны жыпар жыттуу заттар, ар кандай майлар коюлган орунга жаткырышты жана анын урматына сансыз көп заттарды күйгүзүштү.