2 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Жылнаама 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Сулайман Иерусалимде, Мориа тоосунда Теңир үйүн кура баштады. Ал атасы Дөөткө Теңир көрсөткөн жерге, Дөөт даярдап кеткен жебустук Арабенанын кырманы турган жерге кура баштады.

2 Ал өзүнүн падышачылык бийлигинин төртүнчү жылында, экинчи айдын экинчи күнүндө куруп баштады.

3 Сулайман куруп жаткан Кудай үйүнүн пайдубалынын узундугу мурунку чен-өлчөм боюнча алтымыш чыканак, туурасы жыйырма чыканак болду.

4 Үйдүн кире бериш бөлмөсүнүн узундугу имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак, ал эми бийиктиги жүз жыйырма чыканак болду. Анын ички бетин таза алтын менен каптады.

5 Негизги имаратты кипарис жыгачтары менен каптап чыгып, анын үстүнөн эң жакшы алтын менен каптады да, анын бетине курма пальмасынын жалбырактары менен чынжырчаларды чыгарды.

6 Кооздук үчүн, үйдүн дубалдарын асыл таштар менен каптады. Алтындар Парбайымдын алтындары эле.

7 Үйдү, устундарын, босоголорун, дубалдарын, эшиктерин алтын менен каптады, дубалдарга керуптардын сүрөттөрү оюлуп жасалды.

8 Анан ыйыктын ыйыгы бөлмөсүн жасады. Анын узундугу менен туурасы имараттын туурасы сыяктуу эле, жыйырма чыканак болду. Аны алты жүз талант таза алтын менен каптады.

9 Мыктардын салмагы элүү шекел алтын болду. Ошондой эле үстүнкү бөлмөлөрдү да алтын менен каптады.

10 Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө эки керупту оюп жасап, аларды да алтын менен каптады.

11 Керуптардын канаттарынын узундугу жыйырма чыканак болду. Беш чыканак өлчөмүндөгү бир канаты үйдүн дубалына жетип, беш чыканак өлчөмүндөгү экинчи канаты экинчи периштенин канаты менен тийишип турду.

12 Ошондой эле экинчи керуптун беш чыканак канаты да дубалга жетип, беш чыканак экинчи канаты экинчи керуптун канаты менен тийишип турду.

13 Бул керуптардын канаттары жыйырма чыканакка жайылып турду, буттары менен турган алардын жүздөрү ичкери карап турду.

14 Жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстүү кездемелерден жана зыгыр кездемеден көшөгө жасап, анын бетине керуптарды түшүрдү.

15 Ийбадаткананын алдына узундугу отуз беш чыканак келген эки мамы орнотту, ар бир мамынын үстүнкү бөлүгүнүн узундугу беш чыканак эле.

16 Ыйык жайдыкындай чынжырчаларды жасап, аларды мамылардын баш жагына койду. Жүз анар жемишин жасап, чынжырчалардын үстүнө койду.

17 Мамыларды ийбадаткананын алдына, бирин анын оң жагына, экинчисин сол жагына орнотуп, оң жагындагысын Жахин, сол жагындагысын Бууз деп атады.