Жеремия | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жеремия 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир мага: «Бар, өзүңө зыгыр кур сатып ал, аны менен белиңди курча, бирок аны сууга салба», – деди.

2 Ошондо мен Теңирдин сөзү боюнча кур сатып алып, аны белиме курчадым.

3 Мага Теңирден экинчи жолу мындай сөз айтылды:

4 «Сен сатып алып, белиңе курчаган курду ал да, тур, Эфратка бар, аны ошол жерге, асканын жаракасына катып кой».

5 Теңир мага буйругандай, мен бардым да, аны Эфратка катып койдум.

6 Көп күн өткөндөн кийин Теңир мага: «Тур, Эфратка бар, Мен сага катып кой деп буйруган жерден курду ал», – деди.

7 Мен Эфратка келип, курду катып койгон жерден казып алдым. Кур бузулуп, эч нерсеге жараксыз болуп калыптыр.

8 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

9 Теңир мындай дейт: «Жүйүттүн текебердигин жана Иерусалимдин ыгы жок текебердигин ушинтип кыйратам.

10 Менин сөздөрүмдү уккусу келбеген, өзүнүн жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жашаган, башка кудайларга кызмат кылып, аларга таазим этиш үчүн, алардын артынан жүргөн ушул болбогон эл эч нерсеге жарабай калган ушул кур сыяктуу болот.

11 Анткени кур адамдын белине жакын жаткандай, Мен Ысрайыл менен Жүйүттү Өзүмө жакындаттым, – дейт Теңир, – алар Менин элим болсун дедим, алар Менин даңкым, мактанычым, көркүм болсун дедим, бирок алар тил алышкан жок.

12 Ошондуктан аларга мына бул сөздү айт: “Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Шарап куюлуучу ар бир чанач шарапка толуп жатат”. Алар сага: “Биз эмне, шарап куюлуучу ар бир чанач шарапка толорун билбейт бекенбиз?” – дешет.

13 Сен болсо аларга мындай де: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен бул жердин бардык тургундарын, Дөөттүн тагында отурган падышаларды, ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарларды, Иерусалимдин бардык тургундарын мас болгуча шарапка тойгузам.

14 Аларды бири-бирине уруп кыйратам, аталарын да, уулдарын да кыйратам, – дейт Теңир. Аларды аябайм, аларга ырайым кылбайм, аларды кырганыма өкүнбөйм”».

15 Кулак салгыла, уккула. Текебер болбогула, анткени Теңир айтып жатат.

16 Теңир караңгылык каптата электе, караңгылыктын тоосунда бутуңар мүдүрүлө электе, Кудай-Теңириңерди даңктагыла. Ошондо силер жарыкты күтөсүңөр, бирок Теңир аны өлүм көлөкөсүнө айлантып, караңгылык кылат.

17 Эгерде силер муну укпай турган болсоңор, анда менин жаным жашыруун жерлерде силердин текебердигиңер үчүн ыйлайт, катуу ыйлайт, көздөрүмдөн жаш төгүлөт, анткени Теңир үйүрү туткундалып кетет.

18 «Падыша менен ханышага айт: “Моюн сунгула, төмөнүрөөк отургула, анткени силердин башыңардан даңкыңардын таажысы кулады”.

19 Түштүктөгү шаарлар жабылуу, аларды ача турган эч ким жок. Жүйүт бүт бойдон туткунга кетип жатат, бүт бойдон туткунга кетти».

20 Башыңарды көтөрүп, түндүктөн келе жаткандарды карагыла: сага берилген үйүр кайда, сенин сонун үйүрүң кайда?

21 Сион кызы, Теңир сени жазалаганда, сен эмне дейсиң? Өзүңө үстөмдүк кылууга аларды өзүң үйрөтпөдүң беле. Төрөп жаткан аялдай кыйналып жаткан жоксуңбу?

22 Эгерде сен өз жүрөгүңдө: “Эмне үчүн бул менин башыма түштү?” – дей турган болсоң, бул сенин көп сандаган мыйзамсыз иштериң үчүн болду: этегиң ачылды, согончогуң жылаңачталды.

23 Эфиопиялык адам өз терисин өзгөртө алабы? Илбирс өзүнүн чаар темгилин өзгөртө алабы? Ошондой эле жамандык кылып көнгөн силер, жакшылык кыла аласыңарбы?

24 Ошондуктан аларды чөл шамалы учурган топондой кылып учуруп жиберем.

25 Мына, сенин энчиң, сага Менден ченелген үлүш ушул, – дейт Теңир, – анткени сен Мени унутуп, жалганчылыкка таяндың.

26 Ошондуктан сенин абийириң ачылышы үчүн, этегиң бетиңе көтөрүлөт.

27 Мен сенин бузуктугуңду, сенин токтолбогон кумарданууңду, тойбостугуңду, талаадагы адырлардын үстүндөгү жийиркеничтүү иштериңди көрдүм. Кайгы сага, Иерусалим! Сен качанкыга чейин тазаланбайсың?»