- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
1 Теңир мага Теңирдин ийбадатканасынын алдына коюлган анжыр салынган эки себетти көрсөттү. Бул Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы – Жайаким уулу Жайахинди жана жыгач усталары, темир усталары менен Жүйүт төрөлөрүн туткундап, Иерусалимден Бабылга алып келгенден кийин болду:
2 Бир себетте өтө жакшы, эрте бышуучу анжыр мөмөлөрү, экинчи себетте жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган, өтө жаман анжыр мөмөлөрү бар экен.
3 Ошондо Теңир менден: «Сен эмнени көрүп турасың, Жеремия?» – деп сурады. Мен: «Жакшы анжырлар өтө жакшы экен, ал эми жаман анжырлар өтө жаман экен, ошон үчүн аларды жегенге болбойт, анткени алар эң жаман», – дедим.
4 Ошондо Теңирден мага сөз болду:
5 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мына бул жакшы анжырларга окшоштуруп, Мен Өзүм бул жерден каздимдердин жерине жиберген жүйүт туткундарын жакшы деп эсептейм.
6 Аларга жакшы болсун деп, Мен аларга көзүмдү бурам, аларды бул жерге кайра алып келем. Мен аларды тургузам, аларды бүлүндүрбөйм, Мен аларды отургузам, алардын тамырын кыйбайм.
7 Мен аларга Менин Теңир экенимди биле турган жүрөк берем, ошондо алар Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом. Анткени алар Мага чын жүрөктөн кайрылышат».
8 Ал эми жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган жаман анжырлар тууралуу Теңир мындай дейт: «Мен Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн, бул жерде калган жана Мисир жеринде жашаган Иерусалим тургундарын ушундай кылам.
9 Мен кууп жиберген бардык жерлерде алардан четтешет, аларга жамандык кылышат, алар лакап болушат, каргышка калышат.
10 Мен аларды өздөрүнө жана ата-бабаларына берген жерден жок кылмайынча, аларга каршы кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору жиберем».