- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
1 Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын тогузунчу жылынын онунчу айында Бабыл падышасы Небухаданасар өзүнүн бүт аскери менен Иерусалимге келип, аны курчап алды.
2 Ал эми Ситкиянын падышачылыгынын он биринчи жылынын төртүнчү айында, айдын тогузунчу күнү шаар каратылып алынды.
3 Ошондо Бабыл падышасынын бардык төрөлөрү шаарга кирип, ортоңку дарбазанын алдына жайланышышты. Алар: Нейиргал-Саретсер, Самгар-Небо, эбнухтардын башчысы Сарсехим, сыйкырчылардын башчысы Нейиргал-Саретсер жана башка Бабыл падышасынын бардык төрөлөрү.
4 Жүйүт падышасы Ситкия жана бардык аскер адамдары аларды көргөндө качып жөнөштү. Алар түн ичинде падышанын багын аралап, эки дубалдын ортосундагы дарбаза менен шаардан чыгып, түздүккө кеткен жол менен жөнөштү.
5 Бирок каздимдердин аскерлери алардын артынан кууп жөнөштү, Ситкияны Жерихо түздүгүндө кууп жетишти. Аны колго түшүрүп, Бабыл падышасы Небухаданасарга, Хамат жергесиндеги Риблага алып келишти. Падыша аларга ошол жерде өкүм чыгарды.
6 Бабыл падышасы Ситкиянын уулдарын Риблада Ситкиянын көз алдында сайып өлтүрдү. Ал Жүйүттүн бүт төрөлөрүн да сайып өлтүрдү.
7 Ал эми Ситкиянын эки көзүн чукуп, аны Бабылга алып кетиш үчүн, кишен салып койду.
8 Падышанын үйүн жана элдин үйлөрүн каздимдер өрттөп жиберишти, Иерусалимдин дубалдарын кыйратышты.
9 Ал эми шаарда калган элдин калдыгын, ага өтүп кеткендерди жана калган башка элди сакчылардын башчысы Небузарадан Бабылга туткундап кетти.
10 Эл арасындагы эч нерсеси жок жардыларды болсо сакчылардын башчысы Небузарадан Жүйүт жеринде калтырды, аларга ошол эле күнү жүзүмдүктөр менен айдоо жерлерди берди.
11 Ал эми Жеремия тууралуу Бабыл падышасы Небухаданасар сакчылардын башчысы Небузараданга мындай буйрук берди:
12 «Аны колуңа алып, ага көз салып жүр, ага эч кандай жамандык кылба, ал сага кандай айтса, сен ага ошондой кыл».
13 Ошондо сакчылардын башчысы Небузарадан, эбнухтардын башчысы Небушазбан, сыйкырчылардын башчысы Нейиргал-Саретсер жана Бабыл падышасынын бардык төрөлөрү киши жиберип,
14 Жеремияны күзөтчүлөрдүн короосунан чыгарып алышты. Анан аны Сапан уулу, Акикам уулу Гедалиянын колуна тапшырып, үйүнө жеткирүүсүн буйрушту. Ошентип, ал эл арасында жашап калды.
15 Жеремия сакчылардын короосундагы зынданда жатканда, Теңирден ага сөз болгон:
16 «Бар, эфиопиялык Эбет-Мелекке мындай деп айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: “Мына, Мен бул шаар тууралуу жакшылыкка эмес, жамандыкка айткан Өзүмдүн сөзүмдү аткарам, алар ошол күнү сенин көз алдыңда жүзөгө ашырылат.
17 Бирок Мен сени ошол күнү куткарам, – дейт Теңир, – сен өзүң корккон адамдардын колуна салынып берилбейсиң.
18 Мен сени куткарам, сен кылычтан өлбөйсүң, сенин жаның олжо ордуна өзүңдө калат, анткени сен Мага таяндың”, – дейт Теңир».