- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
1 О, менин башыма сууну, көзүмө жаштын булагын ким берет? Мен өз элимдин өлтүрүлгөн кызын жоктоп, күнү-түнү ыйлар элем.
2 О, чөлдө мага кимдир бирөө жолоочулар үчүн баш калкалай турган жай берсе кана! Анда мен өз элимди таштап, алардан кетер элем, анткени алардын баары – бузулган адамдар, ишенимсиздердин тобу.
3 «Жалган үчүн тилдерин жаадай тартышат, жерде жалган иштери менен күч алып бара жатышат, анткени бир жамандыктан экинчи жамандыкка өтүшөт, Мени билишпейт», – дейт Теңир.
4 Ар бириңер өз досуңардан сактангыла, бир туугандарыңардын ичинен эч кимисине ишенбегиле, анткени бир тууган бир тууганына тоскоолдук коёт, ар бир дос ушак таратат.
5 Ар ким өз досун алдайт, чындыкты айтпайт. Өз тилдерин калп айтууга үйрөтүштү, чарчаганча анткорлонушат.
6 «Сен эки жүздүүлүктүн арасында жашап жатасың. Эки жүздүүлүктөн улам алар Мени билгенден баш тартышат», – дейт Теңир.
7 Ошондуктан Себайот Теңир мындай деп жатат: «Мына, Мен аларды эритем, сынайм, анткени Мен Өз элимдин кызына башка эмне кылам?
8 Алардын тили – өлтүрө турган жебе, эки жүздүү сүйлөйт. Ооздору менен жакынына досторчо сүйлөшөт, ал эми жүрөктөрүндө ага кишен даярдашат.
9 Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албасын?
10 Тоолор үчүн ыйлайм, өкүрөм, талаадагы жайыттар үчүн боздоп ыйлайм, анткени алар өрттөнүп кетти, ал жерден эч ким өтпөйт, койлордун маараганы угулбайт: асмандагы канаттуулардан тартып, жердеги жаныбарларга чейин, бардыгы туш-тушка чачырап кетишти.
11 Иерусалимди таштын үймөгү, чөөлөрдүн ийини кылам, Жүйүт аймагынын шаарларын эч ким жашабаган чөл кылам».
12 Муну түшүнгөн даанышман бар бекен? Теңир сүйлөшө турган адам барбы? Ал өлкө эмне үчүн кыйраганын, эмне үчүн чөлгө окшоп ээн калганын, ошон үчүн ал аркылуу эч ким өтпөй калганын түшүндүрүп берсин.
13 Теңир мындай деди: «Алар Менин алар үчүн чыгарган мыйзамымды таштап коюшту, Менин үнүмдү угушкан жок, аны менен жүрүшкөн жок.
14 Тескерисинче, жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жүрүштү жана ата-бабалары үйрөткөндөй, Баалдын артынан жүрүштү.
15 Ошон үчүн Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: Мына, Мен аларга, бул элге, эрмен жедирем, өт кошулган суу ичирем.
16 Аларды өздөрү да, ата-бабалары да билбеген элдердин арасына чачыратып жиберем, аларды жок кылмайынча, артынан кылыч жиберем».
17 Себайот Теңир мындай дейт: «Ойлонгула, кошокчуларды чакыргыла, алар келишсин. Бул ишке мыкты кошокчуларды чакырткыла, алар келишсин».
18 Алар тез келишсин, биз тууралуу ыйлашсын, биздин көздөрүбүздөн жаш куюлсун, кирпиктерибизден суу аксын.
19 Анткени Сиондон ыйдын үнү угулуп жатат: «Биз кандай тонолдук! Биз ырайымсыз маскара болдук, анткени биз жерибизди таштап кетип жатабыз, анткени биздин турак-жайларыбызды кыйратышты».
20 Ошондуктан, аялдар, Теңирдин сөзүн уккула, кулагыңар Анын оозунан чыккан сөздөрдү уксун. Кыздарыңарды ыйлаганга үйрөткүлө, бири-бириңерге кошок үйрөткүлө.
21 Анткени балдарыбызды көчөдөн, уландарыбызды аянттан кырыш үчүн, өлүм терезелерибизден өтүп, чептерибизге кирип келди.
22 «Аларга айт: Теңир мындай дейт: “Адамдардын өлүктөрү талаадагы кыктай, орокчунун артындагы боодой кулайт, аларды жыйнаганга эч ким чыкпайт.
23 Теңир мындай дейт: Акылман акылына мактанбасын, күчтүү күчүнө мактанбасын, бай байлыгына мактанбасын.
24 Бирок мактана турган адам Менин жер үстүндө ырайымдуулукту, акыйкаттыкты жана чындыкты жараткан Теңир экенимди түшүнгөнү менен, билгени менен мактансын. Анткени Мага ушул гана жагат, – дейт Теңир.
25 Мына, бардык сүннөткө отургузулгандарды жана сүннөткө отургузулбагандарды:
26 Мисир менен Жүйүт аймагын, Эдом менен Амондун уулдарын, Маапты жана чекесиндеги чачын кырктырып жүргөндөрдүн бардыгын, чөлдө жашагандарды жазалай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Анткени бул элдердин бардыгы – сүннөткө отургузулбаган элдер, ал эми бүтүндөй Ысрайылдын жүрөгү сүннөтсүз”».