Жеремия | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жеремия 43 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жеремия бүт элге өздөрүнүн Кудай-Теңиринин бүт сөздөрүн, өзү аркылуу аларга айттырып жиберген сөздөрдүн баарын айтып бергенде,

2 Ошая уулу Азария, Карейах уулу Жаканан жана бардык адепсиз адамдар Жеремияга мындай дешти: «Сен калп айтып жатасың, биздин Кудай-Теңирибиз: “Мисирге барбагыла, ал жерде жашабагыла”, – деп айттырыш үчүн сени жиберген жок.

3 Нейриянын уулу Барух болсо бизди каздимдердин колуна салып берип, бизди өлтүрүш үчүн же бизди Бабылга туткундап кетиш үчүн, сени бизге каршы тукуруп жатат».

4 Ошентип, Карейах уулу Жаканан, бүт аскер башчылары, бардык эл Теңирдин Жүйүт жеринде калгыла деген үнүн укпай коюшту.

5 Анан Карейах уулу Жаканан өзүнүн бүт аскер башчылары менен кайсы элдердин арасына куулуп кетсе, ошол элдердин арасынан кайрадан Жүйүт жеринде жашаш үчүн кайрылып келген жүйүттөрдүн бүт калдыгын,

6 кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Сапан уулу, Акикам уулу Гедалия менен калтырган эркектерди, аялдарды, балдарды, падышанын кыздарын жана Жеремия пайгамбарды, Нейрия уулу Барухту алып,

7 Мисир жерине жөнөштү, анткени алар Теңирдин үнүн укпай коюшту. Ошентип, алар Такпанкеске келип жетишти.

8 Ошондо Такпанкесте Жеремияга Теңирден сөз болду:

9 «Колуңа чоң таштарды ал, аларды жүйүттөрдүн көз алдында Такпанкестеги фараондун үйүнө кире бериш жердеги баткакка жашырып кой.

10 Анан аларга мындай деп айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: “Мына, Мен киши жиберип, Өзүмдүн кулум Бабыл падышасы Небухаданасарды алып келип, анын тагын Өзүм жашырып койгон мына бул таштардын үстүнө коём, ошондо ал таштардын үстүнө өзүнүн чатырын тигет.

11 Ал келип, Мисир жерин талкалайт. Өлө турган адам өлүм жазасына тартылат; туткунга кете турган адам туткунга кетет; кылычтан өлө турган адам кылычтан өлөт.

12 Анан Мисир кудайларынын бутканаларына от коём. Ал от аларды өрттөп жиберет, өздөрүн болсо туткун кылат, койчу өз кийимин кийгендей, ал Мисир жерин киет, анан ал жерден тынч чыгат.

13 Мисир жериндеги Бейт-Шемеш таш тирөөчтөрүн талкалайт, Мисир кудайларынын бутканаларын өрттөп жиберет”».