- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
1 Жайаким уулу Жайахиндин ордуна Жошия уулу Ситкия падышачылык кылып турган, аны Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт жерине падыша кылып койгон.
2 Теңирдин Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөзүн ал да, анын кызматчылары да, өлкөнүн эли да уккан эмес.
3 Ситкия падыша Шелемиянын уулу Жейухалды, Маасей уулу, ыйык кызмат кылуучу Сепанияны Жеремия пайгамбарга: «Биз үчүн Кудай-Теңирибизге сыйын», – деп айттырыш үчүн жиберди.
4 Жеремия ошол учурда элдин арасына эркин кирип, эркин чыгып жүргөн, анткени аны зынданга камаша элек болчу.
5 Ошол арада фараондун аскерлери Мисирден чыгышты, Иерусалимди курчап турган каздимдер ал жөнүндө кабар угушуп, Иерусалимден артка чегинип кетишти.
6 Ошондо Жеремия пайгамбарга Теңирден сөз болду:
7 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Менин эркимди сураш үчүн жиберген Жүйүт падышасына мындай деп айткыла: “Силерге жардамга келе жаткан фараондун аскерлери өз жерине, Мисирге кайтышат.
8 Каздимдер болсо кайрадан келип, бул шаарга согуш ачып, аны каратып алып, өрттөп жиберишет”».
9 Теңир мындай дейт: «“Каздимдер бизден сөзсүз артка кетет”, – деп, өзүңөрдү өзүңөр алдабагыла, анткени алар артка кетишпейт.
10 Өзүңөр менен согушуп жаткан каздимдердин бүт аскерлерин талкалап салсаңар, алардын жарадарлары эле өз чатырларынан туруп келип, шаарды өрттөп жиберишмек».
11 Каздимдердин аскерлери Иерусалимден фараондун аскерлери үчүн артка чегинген учурда,
12 Жеремия Бенжемин жерине барып, элдин арасынан өзүнүн үлүшүн алыш үчүн, Иерусалимден чыкты.
13 Бирок ал Бенжемин дарбазасына келгенде, ал жерде турган сакчылардын башчысы Хананиянын уулу, Шелемиянын уулу Ирия деген киши Жеремия пайгамбарды кармап алып: «Сен каздимдерге өтүп кеткиң келип жатабы?» – деди.
14 Жеремия ага: «Бул – жалган, мен каздимдерге өтүп кетким келбейт», – деп жооп берди. Бирок Ирия аны укпай койду. Ошентип, Ирия Жеремияны кармап алып, төрөлөргө алып келди.
15 Төрөлөр Жеремияга ачууланышып, аны уруп, Жонатан катчынын үйүндөгү зынданга камап салышты, анткени анын үйүн зындан кылып алышкан эле.
16 Жеремия зынданда, жер төлөдө отурганда, ал жерде отурганына көп күн болгондо,
17 Ситкия падыша киши жиберип, аны алдырды. Падыша өз үйүндө андан жашыруун сурады: «Теңирден сөз барбы?» Жеремия: «Бар», – деди. Анан ал: «Сен Бабыл падышасынын колуна салынып берилесиң», – деди.
18 Анан Жеремия Ситкия падышага мындай деди: «Силер мени зынданда отургузгудай, сенин алдыңда, сенин кызматчыларыңдын алдында жана бул элдин алдында эмне күнөө кылдым?
19 “Бабыл падышасы силерге каршы жана бул жерге каршы барбайт”, – деп пайгамбарчылык кылган пайгамбарларыңар кайда?
20 Эми мырзам падыша, мени ук, менин өтүнүчүмдү кабыл ал, мени кайра Жонатан катчынын үйүнө жөнөтпө, болбосо мен ал жерде өлүп калам».
21 Ошондо Ситкия падыша «Жеремия күзөтчүлөрдүн короосуна камалсын, шаардагы бүт нан түгөнүп бүткөнчө, ага наабайчылардын көчөсүнөн күнүнө бир кесим нан берилсин» деген буйрук берди. Ошентип, Жеремия күзөтчүлөрдүн короосунда калды.