Жеремия | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жеремия 14 Бөлүм

тез өтүү:

1 Кургакчылык жөнүндө Теңирден Жеремияга болгон сөз.

2 «Жүйүт ыйлап жатат, анын дарбазалары кыйрады, кара кийип отурушат, Иерусалимде өкүрүк чыгып жатат.

3 Төрөлөр кызматчыларын сууга жиберип жатышат. Алар кудуктарга келип, суу таппай жатышат, бош идиштери менен кайтып жатышат. Уят болгон, шылдың болгон алар баштарын жаап алышты.

4 Жерге жамгыр жаабай, кыртыш жарылгандыктан, дыйкандар да уят болуп, баштарын жаап алышты.

5 Атүгүл, элик да талаага тууп, чаарчыктарын таштап кетип жатат, анткени чөп жок.

6 Жапайы эшектер да бийик жерлерге чыгып, чөө сыяктуу аба жутуп жатышат. Алардын көздөрү тунарып калды, анткени чөп жок».

7 Өзүбүздүн мыйзамсыздыгыбыз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатканына карабастан, Сен, Теңир, бизге Өзүңдүн ысымың үчүн жаса. Биз өтө ишенимсиз болдук, биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык.

8 Ысрайылдын үмүтү, башына кыйынчылык түшкөндө анын Куткаруучусу! Эмне үчүн Сен бул жерде чоочун немедейсиң, эмне үчүн Сен бул жерде түнөп кетиш үчүн кирген жолоочудайсың?

9 Эмне үчүн Сен таң калган кишидейсиң, куткара албаган күчтүүдөйсүң? Ошондой болсо да Сен, Теңир, биздин арабыздасың, Сенин ысымың биздин үстүбүздө жазылган, бизди таштаба.

10 Теңир бул элге мындай дейт: «Алар тентигенди жакшы көргөндүгү үчүн, буттарын кармабагандыгы үчүн, Теңир аларга ырайым кылбайт, Ал азыр алардын мыйзамсыздыгын эстеп, аларды күнөөлөрү үчүн жазалап жатат».

11 Теңир мага мындай деди: «Сен бул элге жакшы болсун деп сыйынба.

12 Эгерде алар орозо кармашса, Мен алардын ыйын укпайм. Эгерде алар бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалышса, тартууларды алып келишсе, Мен аларды кабыл албайм. Бирок Мен аларды кылыч менен, ачарчылык менен, жугуштуу оору менен кырам».

13 Ошондо мен мындай деп айттым: «Кудай-Теңир! Мына, аларга пайгамбарлар мындай деп жатышат: “Кылычты көрбөйсүңөр, силерде ачарчылык болбойт, бирок мен силерге ушул жерде туруктуу тынчтык берем”».

14 Анан Теңир мага мындай деди: «Пайгамбарлар Менин ысымым менен жалган пайгамбарчылык кылып жатышат. Аларды Мен жиберген эмесмин, аларга Мен буйрук берген эмесмин, аларга Мен сүйлөгөн эмесмин. Алар силерге жалган аяндарды, төлгөлөрдү, жок нерселерди, өз жүрөктөрүнүн кыялдарын айтып жатышат».

15 Ошондуктан пайгамбарлар жөнүндө Теңир мындай дейт: «Алар Менин ысымым менен пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок Мен аларды жиберген эмесмин. Алар: “Бул жерде кылыч да, ачарчылык да болбойт”, – деп жатышат. Ошондуктан бул пайгамбарлар кылычтан жана ачарчылыктан кырылат.

16 Алар кайсы элге пайгамбарчылык кылса, ошол эл да кылычтан жана ачарчылыктан кырылып, Иерусалимдин көчөлөрүнө ташталат, аларды көмө турган эч ким болбойт, алар өздөрү да, алардын аялдары да, уулдары да, кыздары да кырылат. Алардын кыянатчылыгын Мен өздөрүнө төгөм.

17 Аларга мына бул сөздү айт: Менин көз жашым күнү-түнү төгүлсүн, токтобосун, анткени менин элимдин кызы, бийкеч чоң кыйроо менен, катуу сокку менен кыйрады.

18 Талаага чыксам, кылычтан кырылгандар жатат; шаарга кирсем, ачкачылыктан жабыркагандар жатат. Ал турсун, пайгамбар да, ыйык кызмат кылуучу да чоочун жерде жүрөт».

19 Чын эле, Сен Жүйүттөн биротоло баш тарттың беле? Чын эле, Сага Сион таптакыр жек көрүнүп калдыбы? Эмне үчүн Сен бизди айыккыс кылып, ушунчалык кырдың? Биз тынчтыкты күтүп жатабыз, бирок эч кандай жакшы нерсе жок. Биз сакая турган мезгилди күтүп жатабыз, бирок мына, коркунуч келди.

20 Теңир, өзүбүздүн мыйзамсыздыгыбызды, ата-бабаларыбыздын күнөөсүн моюнга алып жатабыз, анткени биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык.

21 Бизди Өзүңдүн ысымың үчүн четке какпа. Өзүңдүн даңкыңдын тагын кемсинтпе. Эсте, биз менен түзгөн Өзүңдүн келишимиңди бузба.

22 Бутпарастардын маанисиз кудайларынын арасында жамгыр жарата турганы барбы? Же болбосо асман өзүнөн өзү эле нөшөрлөп жамгыр төгө алабы? Биздин Кудай-Теңирибиз Сенсиң, ошондуктан биз Сенден үмүттөнөбүз, анткени мунун баарын Сен жаратып жатасың.