- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
1 Фараон Азаны кыйратардын алдында, Теңирдин Жеремия пайгамбарга пелиштиликтер жөнүндө айткан сөзү:
2 Теңир мындай дейт: «Мына, түндүктөн суулар көтөрүлүп келе жатат, алар ташкын сууга айланып, жерди жана анын үстүндөгүлөрдүн баарын, шаарды жана анын тургундарын каптайт. Ошондо адамдар өкүрүшөт, өлкөнүн бардык тургундары боздоп ыйлашат.
3 Анын күчтүү аттарынын туяктарынын дүбүртүнөн, анын майдан арабаларынын калдыраганынан жана алардын дөңгөлөктөрүнүн үнүнөн аталары балдарына кылчайып карабайт, анткени алар эмне кыларын билбей калышат.
4 Бардык пелиштиликтерди кыра турган, Тир менен Сидонду бардык жардамчыларынан ажырата турган күн келди». Анткени Теңир Каптора аралынын калдыгын – пелиштиликтерди кыйратат.
5 Азанын башы такырайып калды, алардын өрөөнүндөгү элдин калдыгы – Ашкелон талкаланып жатат.
6 О, Теңирдин кылычы, качанкыга чейин кыя бересиң? Качанкыга чейин тынчтанбайсың? Кыныңа кайра кир, токто, тынчтан!
7 Бирок Теңир Ашкелонго каршы, деңиз жээгине каршы буйрук кылганда, сен кантип тынчтанмак элең? Теңир аны ошол жакка багыттады.