1 Абы-Мелектен кийин Ысрайылды куткарыш үчүн, Исахар уруусунан Додонун уулу, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал Эпрайым тоосундагы Шамирде жашачу.
2 Ал Ысрайылга жыйырма үч жыл башкаруучу болду. Көз жумуп, Шамирге коюлду.
3 Андан кийин гилаттык Жайыр чыкты, ал Ысрайылга жыйырма эки жыл башкаруучу болду.
4 Анын отуз жаш эшекке минип жүргөн отуз уулу болгон, алардын отуз шаары бар эле. Аларды ушул кезге чейин Гилат жериндеги Жайырдын шаарлары дешет.
5 Жайыр көз жумуп, Камонго коюлду.
6 Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин көз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин көз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Теңирди таштап, Ага кызмат кылбай калышты.
7 Теңир Ысрайылга каарданып, аларды пелиштиликтер менен амондуктардын колуна салып берди.
8 Алар ошол жылдан тартып, Иордандын аркы өйүзүндө, аморлуктардын Гилаттагы жеринде жашаган ысрайылдыктарды он сегиз жыл кысымга алып эзишти.
9 Амондуктар Жүйүт, Бенжемин жана Эпрайым уруулары менен согушуу үчүн, Иордандан өтүп келишти. Ысрайыл уулдары абдан кыйналышты.
10 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты: «Биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык, себеби Кудайыбызды таштап, Баалдарга кызмат кылдык».
11 Теңир Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Силерди мисирликтер, аморлуктар, амондуктар, пелиштиликтер,
12 сидондуктар, амалыктыктар, мааптыктар эзишкенде, силер Мага кайрылганда, Мен силерди алардын колунан куткарып турган жок белем?
13 Силер болсо Мени таштап, башка кудайларга табынып кеттиңер. Ошон үчүн Мен силерди эми куткарбайм.
14 Баргыла да, өзүңөр тандап алган кудайларыңарга жалынгыла, башыңарга түшкөн кыйынчылыктан силерди ошолор куткарсын».
15 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге: «Күнөөгө баттык, бизди эмне кылсаң, Өзүң бил, азыр бизди куткарып кал», – дешти.
16 Ошентип, алар бөтөн кудайларды таштап, Теңирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын азап тартып жатканын көрүп, Ал чыдап тура алган жок.
17 Амондуктар чогулуп, стандары менен Гилатка жайланышышты. Ысрайыл уулдары да чогулуп, стандары менен Миспага жайланышышты.
18 Ошондо Гилаттын эли менен төрөлөрү бири-бирине: «Амондуктарга каршы салгылашты ким биринчи баштаса, ошол бардык Гилат тургундарынын башчысы болот», – дешти.