1 Эйут көз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты.
2 Теңир аларды Хатсордо бийлик кылган Канаан падышасы Жабиндин колуна салып берди. Анын аскер башчысы Харошет-Агойимде жашаган Сисра эле.
3 Анын тогуз жүз темир арабасы болгон, ал Ысрайыл уулдарын жыйырма жыл аёосуз эзди, ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты.
4 Ошол кезде Ысрайылдын башкаруучусу пайгамбар аял Дебора болчу, ал Лапидоттун зайыбы эле.
5 Ал Рама менен Бейтелдин ортосундагы Эпрайым тоосунда, Деборанын курмасынын түбүндө отурчу. Ысрайыл уулдары ага кеңеш сураганы келип турушчу.
6 Дебора чабарман жөнөтүп, Кедеш Напталыдан Абынаамдын уулу Баракты чакыртып алып, ага мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири сага буйрук кылат, бар, Напталы менен Забулундун уулдарынан он миң адам алып, Табор тоосуна чык.
7 Мен болсо Жабиндин аскер башчысы Сисраны майдан арабалары жана көп сандаган аскерлери менен сага, Кишон дарыясына алып келип, сенин колуңа салып берем».
8 Барак ага: «Эгерде сен мени менен барсаң, барам, эгерде сен мени менен барбасаң, барбайм», – деди.
9 Дебора Баракка: «Сени менен барарын барам, бирок сен бул согушта атакка ээ болбойсуң. Теңир Сисраны аялдын колуна салып берет», – деди. Анан Дебора ордунан турду да, Барак менен бирге Кедешке жөнөдү.
10 Барак Забулун уулдары менен Напталы уулдарын Кедешке чакырды. Анын соңунан он миң адам жөнөдү, алар менен кошо Дебора да жөнөдү.
11 Кейни Хебер Мусанын кайнагасы Хобаптын уулдарынан – кейнилерден бөлүнүп калды да, Кедештен алыс эмес Эйлон-Бетсаананимдеги эмен токоюнун жанына чатырын тикти.
12 Абынаам уулу Барак Табор тоосуна чыкты деп, Сисрага билдиришти.
13 Сисра бардык майдан арабаларын, темирден жасалган тогуз жүз майдан арабасын, өзүнүн бүт элин чогултуп, Харошет-Агойимден Кишон дарыясын көздөй жол тартты.
14 Ошондо Дебора Баракка: «Ордуңан тур, анткени Теңир Сисраны сенин колуңа бүгүн салып берет. Теңир Өзү сенин алдыңда барат», – деди. Барак Табор тоосунан түшкөндө, артынан он миң адам кошо түштү.
15 Ошондо Теңир Барактын кылычы менен Сисраны, анын бардык майдан арабалары менен аскерлерин дүрбөлөңгө түшүрдү. Сисра майдан арабадан түшүп, жөө качып жөнөдү.
16 Барак анын майдан арабалары менен аскерлерин Харошет-Агойимге чейин кууп барды. Сисранын бардык аскери кылычтан кырылды, эч кимиси аман калган жок.
17 Сисра кейнилик Хебердин аялы Жаелдин чатырын көздөй жөө качты, анткени Хатсор падышасы Жабин менен кейни Хебердин үй-бүлөсү өз ара ынтымактуу эле.
18 Жаел Сисраны тосуп чыгып, ага: «Кир мырзам, кир менин үйүмө, коркпо», – деди. Ал анын чатырына кирди, аял аны килем менен жаап койду.
19 Сисра аялга: «Мага ичкенге суу берчи, таңдайым кургап турат», – деди. Аял сүт куйган чаначты чечип, анын суусунун кандырды да, кайрадан жаап койду.
20 Сисра аялга: «Чатырдын оозунда тур, эгерде кимдир бирөө келип, сенден: “Мында ким бар?” – деп сурап калса, “Эч ким жок” де», – деди.
21 Ал чарчап уктап калганда, Хебердин зайыбы Жаел чатырдын казыгын алып, колуна балка кармап, акырын жанына басып келип, казыкты анын чыкыйына сайып, жерге житире урду, ал өлдү.
22 Ошол учурда Сисраны сая кууган Барак жетип келди. Жаел аны утурлай чыгып, ага: «Кир, мен сага издеп жүргөн кишиңди көрсөтөйүн», – деди. Ал аялдын чатырына кирип, өлүп жаткан Сисраны көрдү, казык чыкыйында сайылып турган эле.
23 Теңир ошол күнү Ысрайыл уулдарына Канаан падышасы Жабинди багынтты.
24 Канаан падышасы Жабинди өлтүргүчө, Ысрайыл уулдары барган сайын күч алды.