1 Жеруп-Баал (Гидон) эртең менен эрте турду. Аны менен келген бүт эл стандары менен Эйин-Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиан станы болсо түндүктү карай кеткен өрөөндөгү Аморе адырында эле.
2 Теңир Гидонго мындай деди: «Сени менен келген эл өтө көп. Ысрайылдыктар Менин алдымда: “Өзүмдү өзүм куткардым”, – деп текеберденип кетпеши үчүн, мидиандыктарды Мен алардын колуна салып бербейм.
3 Ошондуктан элге угуза айт: “Ким жүүнү бош, коркок болсо, Гилат тоосунан түшүп, келген жагына кетсин”». Ошондо жыйырма эки миң киши артка кайтты, он миң киши калды.
4 Анан Теңир Гидонго мындай деди: «Дагы эле эл көп. Буларды сууга алып бар, ошол жерден мен сага тандап берем. Мен кимди: “Сени менен барсын”, – десем, ошол сени менен барсын, Мен кимди: “Сени менен барбашы керек”, – десем, ал барбасын».
5 Ал элди сууга алып келди. Теңир Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди өзүнчө бөл, тизе бүгүп эңкейип ичкендерди өзүнчө бөл», – деди.
6 Үч жүз киши сууну кочуштап сузуп, оозу менен шалпып ичти. Калгандары сууну тизе бүгүп, эңкейип ичишти.
7 Ошондо Теңир Гидонго: «Сууну шалпып ичкен үч жүз киши аркылуу Мен силерди мидиандыктардан куткарам, аларды колуңарга салып берем. Ал эми калгандары өз-өз чатырларына кайтышсын», – деди.
8 Алар кеткендердин азыктары менен мүйүздөрүн алып калышты. Гидон үч жүз кишини алып калып, калган ысрайылдыктарды өз-өз чатырларына таратты. Мидиандыктардын станы төмөн жактагы өрөөндө эле.
9 Ошол түнү Теңир ага мындай деди: «Тур, станга кир, Мен аны сенин колуңа салып берем.
10 Эгерде жалгыз баргандан коркуп жатсаң, станга өз кызматчың Пура менен бар.
11 Ошондо алардын эмне деп жатканын угасың да, карууңа күч кирип, станга киресиң». Анан ал кызматчысы Пура менен стандагы күзөттө турган аскерлерге түшүп барды.
12 Мидиандыктар менен амалыктыктар жана бардык чыгыш элдери өрөөндү чегирткедей каптап калышкан эле. Төөлөрү эсепсиз, өздөрү деңиз жээгиндеги кумдай сансыз эле.
13 Гидон келди. Ошондо бирөө бир кишиге көргөн түшүн айтып жатты: «Түшүмдө бир тоголок арпа нан Мидиан станын аралап, тоголонгон бойдон чатырга келип бир тийди, чатыр кулап калды; аны аласалтты, чатыр жалпайып жатып калды».
14 Экинчиси ага мындай деп жооп берди: «Бул – ысрайылдык Жааштын уулу Гидондун кылычы, андан бөлөк эч нерсе эмес. Кудай мидиандыктарды жана бүт станды анын колуна салып берди».
15 Гидон түштү жана анын чечмеленишин угуп, Кудай-Теңирге таазим этип, станына кайтып келди да, мындай деди: «Тургула! Кудай Мидиан станын колуңарга салып берди!»
16 Анан ал үч жүз кишини үч топко бөлүп, бардыгынын колдоруна мүйүздөрдү жана бош кумураларды берди, ошондой эле кумуралардын ичине салганга шам берди.
17 Анан аларга мындай деди: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Мен алардын станына жакындаганда, эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.
18 Мен жана мени менен бараткандар мүйүздөрдү тартканда, силер да мүйүздөрдү бүт станды айланта тартып: “Теңир үчүн, Гидон үчүн!” – деп кыйкыргыла».
19 Анан Гидон ортоңку күзөт убагында жүз киши менен станга келип, сакчыларды ойготуп, мүйүздөрдү тартып, колдорундагы кумураларды талкалашты.
20 Ошондо үч топ мүйүздөрдү тартып, кумураларын талкалады. Алар сол колдоруна шамдарын кармап, оң колдорундагы мүйүздөрдү тартып, жер жаңырта: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» – деп кыйкырышты.
21 Станды тегеректеген алардын ар бири өз ордунда турду. Бүт стан дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырып, туш-тушка качып жөнөдү.
22 Үч жүз киши мүйүздөрдү тартканда, Теңир мидиандыктардын бүт станын бири-бирине каршы кылыч көтөрттү. Кошуун Серейрага карай Бейт-Ашитке чейин, Табатанын жанындагы Абел-Мекеланын чек арасына чейин качты.
23 Напталы, Ашыр урууларынан жана Менашенин бүт уруусунан ысрайылдыктар чакыртылды. Анан алар мидиандыктардын артынан кууп жөнөштү.
24 Гидон болсо Эпрайым тоосундагылардын баарына мындай деп айттырыш үчүн элчилерин жөнөттү: «Мидиандыктарды утурлап чыккыла да, Бейт-Бары менен Иордан сууларынан өтүүчү өткөөлдөрдү бөгөп тургула». Ошондо бүткүл эпрайымдыктар чакыртылып, Бейт-Бары менен Иорданга чейинки суудан өтүүчү өткөөлдөрдү бөгөп турушту.
25 Алар мидиандыктардын Орейип менен Зейеп деген эки төрөсүн колго түшүрүп, Орейипти Сур-Орейипте, Зейепти Жекеп-Зейепте өлтүрүштү да, мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү. Орейип менен Зейептин баштарын Иордандын берки өйүзүнө, Гидонго алып келишти.