Башкаруучулар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башкаруучулар 19 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Эпрайым тоосунун этегинде бир леби жашачу. Ал Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен күң аял алды.

2 Күң аял аны менен чатакташып, Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминдеги өз атасынын үйүнө кетип калып, төрт ай ошол жерде болду.

3 Күйөөсү кулун жана эки эшегин алды да, көңүлүн таап сүйлөшүп, кайра алып келиш үчүн, аялынын артынан барды. Аял аны өз атасынын үйүнө алып кирди.

4 Жаш аялдын атасы аны көргөндө, кубаныч менен тосуп алды. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, аны кетирбей алып калды. Ал аныкында үч күн болду. Алар ичип-жеп, ошол жерде түнөп калышты.

5 Төртүнчү күнү алар эртең менен эрте турушту, ал туруп, жөнөмөкчү болду. Жаш аялдын атасы күйөө баласына: «Бир кесим нан жеп, кубаттанып ал, анан жөнөйсүңөр», – деди.

6 Алар калып калышты. Экөө дагы ичип-жешти. Жаш аялдын атасы ага: «Дагы бир түнгө калып, көңүлүңдү ач», – деди.

7 Ал туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайын атасы сурангандыктан, аныкында дагы түнөп калды.

8 Бешинчи күнү ал эртең менен эрте туруп, кетмей болду. Жаш аялдын атасы: «Нан жеп кубаттанып ал, күн батканча коё тургула», – деди. Экөө дагы ичип-жешти.

9 Ал киши аялы, кулу менен кетүүгө камынып, ордунан турду. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, ага дагы: «Күн кечтеп кетти, конуп алгыла! Күн батканы калды, түнөп кет, көңүл ач. Эртең эртерээк туруп, жолго чыккыла», – деди.

10 Бирок күйөө баласы түнөөгө макул болбой, жолго чыгып, Жебуска, азыркы Иерусалимге келди. Ал жүк артылган эки эшеги, аялы менен келди.

11 Алар Жебуска жеткени калганда, күн батып калган эле. Ошондо малайы мырзасына: «Жебустуктардын ушул шаарына кирип, түнөп кетели», – деди.

12 Мырзасы малайына: «Жок, башка уруунун шаарына кирбейбиз, алар Ысрайылдын урууларынан эмес, Гибага жетели», – деди.

13 Анан кулуна: «Гибага же Рамага жетип конобуз», – деди.

14 Алар Бенжеминдин Гиба шаарына жетишкенде, күн батты.

15 Алар Гибага түнөп алыш үчүн, ошол тарапка бурулушту. Ал шаарга кирип, көчөгө отурду, бирок эч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.

16 Кечинде бир абышка талаа жумушунан үйүнө кайтып келе жаткан. Ал Эпрайым тоосунан эле, бирок Гибада жашачу. Гибанын тургундары Бенжемин уулдарынан болчу.

17 Абышка башын көтөрүп, шаардын көчөсүндө келаткан жолоочуну көрүп: «Кайда баратасың? Кайдан келдиң?» – деп сурады.

18 Ал абышкага: «Биз Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатабыз, азыр өз жериме, Эпрайым тоосуна баратабыз. Жүйүттүн Бейт-Лехемине баргам, азыр Теңир үйүнө баратам. Эч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.

19 Эшектерибиздин саманы да, жеми да бар. Ошондой эле кулдарыңдын: менин, күңүңдүн, кулумдун жээр наны, ичээр шарабы да бар. Эч нерседен кем эмеспиз», – деп жооп берди.

20 Абышка ага: «Кам санаба! Сенин муктаждыгың менин мойнумда болсун. Көчөгө түнөбөсөң эле болду», – деди.

21 Анан ал аны өз үйүнө алып келип, эшектерине жем берип, жайланыштырды. Алар буттарын жуушту, ичип-жешти.

22 Алар көңүл ачып жатканда, шаардагы бузулган адамдар үйдү курчап алышып, эшикти каккылап, үйдүн ээсине, абышкага: «Үйүңө кирген адамды сыртка чыгар, биз ага жакындайбыз», – дешти.

23 Үйдүн ээси сыртка чыгып, аларга мындай деди: «Жок, туугандарым, жамандык кылбагыла. Бул адам – менин үйүмө келген конок, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла.

24 Үйүмдө бойго жеткен кызым бар, мунун күң аялы бар. Аларды алып чыгайын, аларга эмне кылгыңар келсе, ошону кылгыла, бирок бул кишиге мындай кылбагыла, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла».

25 Бирок алар аны уккусу келишкен жок. Ошондо күйөөсү күң аялын жетелеп, көчөгө чыгарып берди. Алар аны зордуктап, түнү бою, таң аткыча кордоп чыгышты. Аны жерге жарык киргенде коё беришти.

26 Аял таң атарда келип, мырзасы түнөгөн үйдүн эшигине жетип жыгылып, таң аткыча жатты.

27 Мырзасы эртең менен туруп, эшикти ачып, жолго чыгыш үчүн сыртка чыкты. Күң аялы болсо босогону кучактап, эшиктин алдында жатыптыр.

28 Ал аялына: «Тур, жөнөйлү», – деди. Бирок жооп болгон жок, себеби ал өлүп калган эле. Ал ордунан туруп, аялды эшекке артып, өз үйүнө жөнөдү.

29 Ал өз үйүнө келип, бычак алып, күң аялын кескилеп, он эки мүчөгө бөлдү да, Ысрайылдын бардык жерине жөнөттү.

30 Көргөндөрдүн баары: «Ысрайыл уулдары Мисирден чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин мындай болгон эмес, мындайды көргөн да эмеспиз. Буга көңүл бургула, акылдашып көрүп, анан айткыла», – дешти.