1 Эпрайымдыктар чогулуп, Сапонго өтүп келишти да, Иптахка: «Эмне үчүн бизди жардамга чакырбай эле, амондуктар менен согушканы кетип калдың? Үстүңдөгү үйүң менен кошо өрттөп жиберебиз», – дешти.
2 Иптах аларга: «Менин, менин элим менен амондуктардын ортосунда чоң келишпестик бар болчу. Силерди чакыргам, бирок силер мени алардын колунан куткарган жоксуңар.
3 Куткарбасыңарды көрүп, мен өз өмүрүмдү тобокелге салып, амондуктарга каршы бардым. Теңир аларды менин колума салып берди. Силер эми эмнеге мени менен согушканы келдиңер?» – деди.
4 Анан Иптах Гилаттын бардык элин топтоп, эпрайымдыктар менен салгылашты. Эпрайымдыктар: «Силер качкын эпрайымдыктарсыңар. Гилат Эпрайымдын да, Менашенин да арасында жашайт», – деп айтышкандыгы үчүн, гилаттыктар аларды кырып салышты.
5 Гилаттыктар Иордандын өткөөлдөрүн эпрайымдыктардан тартып алышты. Аман калган эпрайымдыктардын бири: «Өткөөлдөн өтүп кетүүгө уруксат эт», – дегенде, гилаттыктар андан: «Сен эпрайымдыктардан болосуңбу?» – деп сурашчу. Тиги: «Жок», – деп жооп берсе,
6 анда гилаттыктар ага: «“Шибболет” деп айт», – дешчү. “Шибболет” деп айта албай, “Сибболет” деп айткан адамды гилаттыктар Иордан өткөөлүндө өлтүрүп салышчу. Ошентип, эпрайымдыктардан кырк эки миң адам өлдү.
7 Иптах Ысрайылга алты жыл башкаруучу болду. Гилаттык Иптах көз жумуп, Гилат шаарларынын бирине коюлду.
8 Андан кийин Ысрайылга Бейт-Лехемден чыккан Ипсан башкаруучу болду.
9 Анын отуз уулу болгон, отуз кызын күйөөгө берген, отуз кызды сырттан келин кылып алган. Ал Ысрайылга жети жыл башкаруучу болду.
10 Ипсан көз жумуп, Бейт-Лехемге коюлду.
11 Андан кийин Ысрайылга забулундук Эйлон башкаруучу болуп, Ысрайылды он жыл башкарды.
12 Забулундук Эйлон да көз жумуп, забулундуктардын жери Айалонго коюлду.
13 Андан кийин Ысрайылга пиратондук Илейелдин уулу Абдон башкаруучу болду.
14 Анын жетимиш кодикке минген кырк уулу, отуз небереси болгон. Ал Ысрайылды сегиз жыл башкарды.
15 Пиратондук Илейелдин уулу Абдон да көз жумуп, эпрайымдыктардын жериндеги, амалыктыктардын тоосундагы Пиратонго коюлду.