Башкаруучулар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башкаруучулар 8 Бөлүм

тез өтүү:

1 Эпрайымдыктар Гидонго: «Мидиандыктар менен согушканы барганда, сен эмне үчүн бизди чакырган жоксуң?» – деп, аябай ачууланышты.

2 Гидон аларга мындай деди: «Менин кылганымды силердин кылганыңарга салыштырып болобу? Абиезер жыйнап алган жүзүмгө караганда, Эпрайым терип алган жүзүм артык эмеспи?

3 Мидиан төрөлөрү Орейип менен Зейепти Кудай силердин колуңарга салып берди. Силер кылганды мен кыла алдымбы?» Ал ушундай сөздөрдү айтканда, ага нааразы болуп жаткан эпрайымдыктар тынчып калышты.

4 Гидон жана анын душманды кууп чарчаган үч жүз адамы Иордандан өтүштү.

5 Анан Гидон Сукоттун тургундарына кайрылып: «Менин адамдарыма нан бергиле, алар чарчашты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Салмунду кууп жүрөм», – деди.

6 Сукоттун төрөлөрү: «Биз сенин аскерлериңе нан бергидей, Зебак менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?» – дешти.

7 Гидон: «Ушинткениңер үчүн, Зебак менен Салмунду Теңир колума салып бергенде, денеңерди чөлдүн тикенеги менен, тикен жыгачынын бутактары менен жанчыйм», – деди.

8 Ал жерден ал Пенуелге барды да, анын жашоочуларына да ошол эле сөздү айтты. Ага Пенуелдин жашоочулары да Сукоттун жашоочуларындай жооп беришти.

9 Ал Пенуелдин жашоочуларына да: «Жеңиш менен кайтканымда, бул мунараны талкалайм», – деди.

10 Зебак менен Салмун чыгыш элдеринин кошуунундагы аман калган он беш миңге жакын аскери менен Каркордо эле. Кылычты кынынан сууруй алгандардын арасынан жүз жыйырма миң адам өлгөн.

11 Гидон Нобах менен Жокпеянын чыгыш тарабындагы чатырларда жашагандардын жолу менен барып, бейкапар жаткан кошуунду талкалады.

12 Зебак менен Салмун качып жөнөдү. Гидон мидиандыктардын эки падышасы Зебак менен Салмунду кууп жетип, колго түшүрүп, бүт кошуунду дүрбөлөңгө салды.

13 Жааштын уулу Гидон Херес дөңсөөсүнөн, согуштан кайтып келип,

14 Сукоттон бир жаш жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Сукоттун жетимиш жети төрөсүнүн жана аксакалдарынын тизмесин жазып берди.

15 Анан ал Сукоттун тургундарына келип: «Зебак менен Салмун мына! Булар үчүн мени: “Сенин алсыраган аскерлериңе нан бергидей, Зебах менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?” – деп шылдың кылгансыңар», – деди да,

16 шаардын аксакалдарын, Сукоттун тургундарын, чөлдүн тикенеги менен, тикен жыгачынын бутактары менен жазалады.

17 Пенуел мунарасын да талкалап, анын тургундарын да өлтүрдү.

18 Анан Зебак менен Салмунга: «Силер Табордо өлтүргөн кишилердин сырткы көрүнүшү кандай эле?» – деди. Алар: «Алар сага окшош эле, ар бири падыша уулдарына окшош эле», – дешти.

19 Гидон: «Алар менин бир туугандарым, менин энемдин уулдары болчу. Теңир тирүү! Аларды тирүү калтырсаңар, мен силерди өлтүрмөк эмесмин», – деди.

20 Анан тун уулу Жетерге: «Тур, буларды өлтүр!» – деди. Бирок уулу жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок.

21 Ошондо Зебак менен Салмун: «Туруп, бизди өзүң өлтүр, анткени адамдын күчү өзүнө жараша болот», – деди. Гидон ордунан туруп, Зебак менен Салмунду өлтүрдү да, алардын төөлөрүнүн мойнундагы формасы жарты айдай болгон жасалгаларын чечип алды.

22 Ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар, уулуң, уулуңдун уулу башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткарып алдың», – дешти.

23 Гидон аларга: «Силерди мен да, менин уулум да башкарбайт. Силерди Теңир башкарсын», – деди.

24 Гидон аларга мындай деди: «Силерден бир гана нерсе сурайм, алган олжоңордон ар бириң мага бирден сырга бергиле (Анткени душмандары ысмайылдыктар болгондуктан, аларда алтын сыргалар көп эле)».

25 Алар: «Беребиз», – дешти. Кийим жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан бирден сырга таштады.

26 Мидиан падышалары кийген кочкул кызыл кийимдерди, алтын топчуларды, жасалгаларды жана алардын төөлөрүнүн мойнундагы алтын чынжырларды кошпогондо, ал сурап алган алтын сыргалардын салмагы бир миң жети жүз алтын шекел болду.

27 Алардан Гидон бир эфод жасап, аны өз шаары Опрага койду. Ысрайылдыктар ага табына башташты, ал Гидонго жана анын бүт үй-бүлөсүнө жайылган тор болду.

28 Ысрайыл уулдарына мидиандыктар ушинтип багынышты, алар ошондон кийин баш көтөргүс болушту. Гидондун убагында жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.

29 Жааш уулу Жеруп-Баал үйүнө кайтты.

30 Гидондун жетимиш уулу болгон, анткени анын аялдары көп эле.

31 Шекемде жашаган күң аялы да уул төрөп берди. Ал анын атын Абы-Мелек койду.

32 Жааштын уулу Гидон өтө карыган кезде көз жумду, анын сөөгү атасы Жааш коюлган жерге, Абиезердин Опра шаарына коюлду.

33 Гидон өлгөндөн кийин, Ысрайыл уулдары кайрадан бузулуп, Баалды ээрчип, өздөрүнө Баал-Беритти кудай кылып коюп алышты.

34 Ысрайыл уулдары өздөрүн курчап турган бардык кас душмандардын колунан куткарган Кудай-Теңирин унутуп коюшту.

35 Ысрайылга жакшылык кылганына карабастан, Жеруп-Баалга – Гидондун үй-бүлөсүнө ырайым кылышкан жок.