1 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла баштаганда, Теңир аларды жети жылга мидиандыктардын колуна салып берди.
2 Мидиандыктар ысрайылдыктарды аёосуз эзишти. Ысрайыл уулдары мидиандыктардан качып, өздөрүнө жашыруун жерлерди, үңкүрлөрдү, баш калкалоочу жайларды даярдашты.
3 Ысрайылдыктар эгин айдаган мезгилде мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери келип,
4 алардын жерине чатырларын тигип, Азага чейинки эгиндин баарын жок кылышчу, ысрайылдыктарга азык үчүн кой да, өгүз да, эшек да калтырышчу эмес.
5 Анткени алар мал-жаны, чатырлары менен келип, сан жеткис чегирткелердей каптап калышчу. Өздөрү да, төөлөрү да сансыз көп болчу. Алар Ысрайыл жерин кыйратуу үчүн келишчү.
6 Мидиандыктар Ысрайылды абдан жакырлантышты. Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге зар какшашты.
7 Ысрайылдыктар Теңирге мидиандыктар тууралуу боздоп кайрылышканда,
8 Теңир Ысрайыл уулдарына пайгамбар жөнөтүп, аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Мен силерди Мисирден, кулчулуктун жеринен алып чыккам.
9 Силерди мисирликтердин колунан, силерди эзгендердин баарынын колунан бошотуп, аларды силердин алдыңардан кууп чыгып, жерлерин силерге тартып бергем.
10 Мен силерге: “Мен силердин Кудай-Теңириңермин. Өзүңөр жашаган жердеги аморлуктардын кудайларына табынбагыла”, – деп айткам. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койгонсуңар».
11 Теңирдин периштеси келип, Абиезердин тукуму Жаашка таандык болгон Опрадагы эмендин түбүнө отурду. Ошол учурда анын уулу Гидон буудайды мидиандыктардын көзүнө көрсөтпөш үчүн, жүзүм сыгылуучу жайда жанчып жаткан.
12 Ошондо ага Теңирдин периштеси келип: «Эр жүрөк эркек, Теңир сени менен!» – деди.
13 Ага Гидон: «Төрөм! Эгерде Теңир биз менен болсо, анда эмне үчүн ушунун баары башыбызга түштү? “Мисирден бизди Теңир алып чыккан”, – деп, ата-бабаларыбыз айткан Анын кереметтери кайда? Теңир бизди таштап салды, Ал бизди мидиандыктардын колуна салып берди», – деди.
14 Теңир аны карап туруп: «Ушул күч-кубатың менен бар да, Ысрайылды мидиандыктардын колунан куткар. Сени Мен жөнөтүп жатам», – деди.
15 Гидон Ага: «Теңирим! Ысрайылды мен кантип куткарам? Менин үй-бүлөм – Менаше уруусундагы эң жарды үй-бүлө, үй-бүлөдө мен эң кичүүсүмүн», – деди.
16 Теңир ага: «Мен сени менен болом, мидиандыктарды сен бир кишини кыйраткандай кыйратасың», – деди.
17 Ага Гидон мындай деди: «Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда мага Сен сүйлөп жатканыңды ырастаган жышаан бер.
18 Мен барып, тартуумду алып келип, Сенин алдыңа коймоюнча, бул жерден кетпе». Ал: «Сен барып келгенче, Мен ушул жерде болом», – деди.
19 Гидон барып, улак союп, бир эйфа ундан ачыткысыз нан бышырды. Этти себетке салып, сорпону карапага куюп, эмендин түбүнө алып келип, Ага тартуу кылды.
20 Ошондо Теңирдин периштеси ага: «Эт менен ачыткысыз нанды алып, бул таштын үстүнө кой да, сорпону төк», – деди. Ал ошондой кылды.
21 Теңирдин периштеси колундагы таягынын учун эт менен ачыткысыз нанга тийгизди, таштан от чыгып, эт менен нанды жалмап кетти. Ошондон кийин Теңирдин периштеси көздөн кайым болду.
22 Гидон анын Теңирдин периштеси экенин көрүп: «О, Эгедер Теңирим! Мага кайгы, анткени мен Теңирдин периштесин бетме-бет көрдүм», – деди.
23 Теңир ага: «Сага тынчтык болсун, коркпо, сен өлбөйсүң», – деди.
24 Гидон ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, аны Жахаба-Шаломдеп атады. Ал ушул күнгө чейин Абиезердин Опрасында турат.
25 Ошол түнү Теңир ага: «Атаңдын бир өгүзүн, үч асый дагы бир өгүзүн алып кел да, атаңдын Баалга курмандык чалуучу жайын талкала, анын жанындагы Ашейра дарагын кыйып сал.
26 Анан Теңириңе, өз Кудайыңа, ушул асканын чокусуна, даярдалган жерге курмандык чалынуучу жай кур да, экинчи өгүздү алып, өзүң кыя турган Ашейра дарагынан алынган отундун үстүнө коюп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал», – деди.
27 Гидон он кулун алды да, Теңирдин айтканындай кылды, бирок атасынын үйүндөгүлөрүнөн жана шаар тургундарынан корккондуктан, муну күндүз эмес, түн ичинде кылды.
28 Эртең менен турган шаар тургундары Баалга курмандык чалуучу жай талкаланганын, анын жанындагы Ашейра дарагы кыйылганын, жаңы курулган курмандык чалынуучу жайда экинчи өгүздүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынганын көрүп,
29 бири-бирине: «Муну ким кылды?» – дешти. Издешти, сураштырышты, кимдир бирөөлөр: «Муну Жааштын уулу Гидон кылды», – дешти.
30 Анан шаар тургундары Жаашка: «Уулуңду алып чык. Баалга курмандык чалуучу жайды талкалап, жанындагы Ашейра дарагын кыйгандыгы үчүн, ал өлүшү керек», – дешти.
31 Ошондо Жааш келгендердин бардыгына: «Баалга болуша турган, аны коргой турган силерби? Ким аны жактаса, ушул эле таңда өлүмгө дуушар болот. Эгерде ал Кудай болсо, өзүн өзү коргосун; ким анын курмандык чалынуучу жайын бузса, аны өзү жазаласын», – деди.
32 «Баалга курмандык чалуучу жайды бузгандыгы үчүн аны менен Баал өзү эсептешсин», – деп, ошол күнү Гидонго Жеруп-Баал деген ат койду.
33 Ошол арада мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери чогулуп, дарыядан өтүп, Изрейел өрөөнүнө стандары менен жайланышышты.
34 Гидонду болсо Теңирдин Руху курчады. Ал мүйүз тартып, Абиезердин тукумун чакырды, алар анын артынан жүрүүгө даяр болду.
35 Ал Менаше уруусуна элчилерди жөнөттү, алар да анын артынан жүрүүгө даяр болушту. Ошондой эле Ашырга, Забулунга, Напталыга элчилерди жиберди, алар да анын артынан жүрүүгө даяр болушту.
36 Ошондо Гидон Кудайга: «Эгерде Сен Өзүң айткандай, мен аркылуу Ысрайылды куткара турган болсоң,
37 анда мен мына бул кырманга кыркылган жүндү төшөйм. Эгерде ушул жүнгө шүүдүрүм түшүп, калган жер кургак калса, анда Өзүң айткандай, Сен мен аркылуу Ысрайылды куткарасың деп билем», – деди.
38 Так ошондой болду: эртеси эртең менен эрте туруп, ал жүндү сыгып, бир чөйчөк толтура суу алды.
39 Ошондо Гидон Кудайга: «Эгерде мен дагы бир сөз айтсам, мага каарданба. Жүн менен кылган сыноону дагы бир кайталайын. Жүндүн өзү кургак калсын да, жерге шүүдүрүм түшсүн», – деди.
40 Кудай ошол түнү так ошондой кылды. Жүн гана кургак калып, жерге шүүдүрүм түштү.