Башкаруучулар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башкаруучулар 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир канаандыктар менен болгон согуштар тууралуу билбеген Ысрайыл уулдарынын кийинки муундарын сыноо үчүн,

2 алар согушканды үйрөнүшү үчүн, мына бул элдерди калтырган:

3 пелиштиликтердин беш төрөсү, бардык канаандыктар, сидондуктар жана Баал-Хермон тоосунан Хаматтын кире беришине чейинки Лебанон тоосунда жашаган хибилер.

4 Алар ысрайылдыктарды сыноо үчүн, Теңирдин Муса аркылуу ата-бабаларына берген осуятына алардын баш иер-ийбесин билиш үчүн калтырылган.

5 Ысрайыл уулдары канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибилердин жана жебустуктардын арасында жашап калышты.

6 Анан алардын кыздарын аялдыкка алып, өздөрүнүн кыздарын алардын уулдарына берип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.

7 Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында жаман иш кылышты: өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп, Баал менен Ашейра бурканына кызмат кылышты.

8 Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, аларды Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди. Алар Кушан-Ришатайымга сегиз жыл кызмат кылышты.

9 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларды куткарган куткаруучуну койду, ал Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел болчу.

10 Теңирдин Руху анын үстүндө эле. Ал Ысрайылга башкаруучу болду. Ал согушка аттанды, Теңир анын колуна Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымды салып берди, ал Кушан-Ришатайымды багынтып алды.

11 Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду. Кеназдын уулу Отниел көз жумду.

12 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты. Теңирдин алдында жаман иштерди кылышкандыгы үчүн, Теңир Маап падышасы Эглонго ысрайылдыктар менен согушууга күч берди.

13 Ал амондуктар менен амалыктыктарды топтоду да, Ысрайылга кол салып, аны багындырып, Курма шаарын ээлеп алды.

14 Ысрайыл уулдары Маап падышасы Эглонго он сегиз жыл кызмат кылышты.

15 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларды куткарууга Бенжемин уруусунан Гейранын уулу, куткаруучу сологой Эйутту койду. Ысрайыл уулдары Эйуттан Маап падышасы Эглонго белек берип жиберишти.

16 Эйут узундугу чыканактай, кош миздүү кылыч жасап алып, чапанынын ичине, оң жамбашына байлады.

17 Ал белекти Маап падышасы Эглонго алып барып берди. Эглон өтө семиз киши эле.

18 Эйут Эглонго белектерди тартуулагандан кийин, Эглон белек алып келген кишилерди чыгарып жиберди.

19 Эйут болсо Гилгалда турган таш буркандарга барып, ал жерден кайра кайтып келип: «Падыша, сага айта турган жашыруун сөзүм бар», – деди. Падыша ага: «Акырын!» – деди. Ошондо алдында тургандардын бардыгы чыгып кетишти.

20 Эйут анын жанына келди. Ал өзүнүн үстүнкү бөлмөсүндө отурган эле. Анан Эйут: «Сага айта турган Кудайдын сөзү бар», – деди. Эглон ордунан турду.

21 Эйут сол колун сунуп, оң жамбашынан кылычын сууруп алды да, аны ичке сайды.

22 Кылыч сабы менен кошо кирип кетти, аны казысы жаап калды, анткени Эйут кылычты кайра сууруп алган жок, кылыч артын көзөп өттү.

23 Эйут үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин бекитип, кире бериш бөлмөгө чыкты.

24 Ал чыгып кеткенден кийин, Эглондун кулдары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшиктери бек экенин көрүшүп: «Ал муктаждыгын канааттандыруу үчүн салкын бөлмөдө болсо керек», – дешти.

25 Көпкө күтүштү, бирок үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин эч ким ачпагандыктан, ачкычты алып, эшикти ачышты да, жерде өлүп жаткан төрөсүн көрүштү.

26 Алар көпкө күтүп турганда, Эйут узап кетти. Ал таш буркандардын жанынан өтүп, Сеирге качып келди.

27 Келери менен ал Эпрайым тоосунда сурнай тартты. Ысрайыл уулдары аны менен тоодон түшүштү. Ал алардын алдында бара жатты.

28 Анан аларга: «Менин артымдан жүргүлө, анткени Теңир душманыңар мааптыктарды силердин колуңарга салып берди», – деди. Алар анын артынан ээрчишти да, Иорданды Маапка өтүүчү өткөөлүн басып алып, эч кимди өткөрбөй турушту.

29 Ошол учурда мааптыктардын он миңге жакын кишисин кырып салышты. Бардыгы алыбеттүү, күчтүү адамдар эле, бирок эч кимиси качып кутулган жок.

30 Ошол күнү мааптыктар ысрайылдыктарга ошентип багынышты. Жер үстүндө сексен жыл тынчтык болду.

31 Эйуттан кийин Анаттын уулу Шамгар башкаруучу болду. Ал өгүз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин алты жүз кишисин өлтүрдү. Ал да ысрайылдыктарды куткарып калган.