Накыл сөздөр | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Накыл сөздөр 10 Бөлүм

тез өтүү:

1 Сулаймандын накыл сөздөрү. Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул – энесинин кайгысы.

2 Жалган жолдор менен табылган байлык пайда алып келбейт, адилдик болсо өлүмдөн куткарат.

3 Теңир адил адамдын жанынын ачкачылыктын азабын тартуусуна жол бербейт, мыйзамсыздын жыйып алганын алып ыргытат.

4 Эринчээк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат.

5 Жайында түшүм жыйган уул – акылдуу уул, оруу-жыюу маалында уктап жаткан уул – уятка калтырчу уул.

6 Адил адам батага ээ болот, мыйзамсыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат.

7 Адил адам алкоо менен эскерилет, мыйзамсыздардын аты өчөт.

8 Жүрөгү акылдуу адам осуяттарды кабыл алат, акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.

9 Түз жүргөн адам коопсуз жашайт, ал эми түз жолдон чыккан адам жазаланат.

10 Көзүн ымдаган адам бирөөнү ыза кылат, ал эми акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.

11 Адил адамдын оозу – өмүр булагы, ал эми мыйзамсыздардын оозу зулумдукту жаап-жашырат.

12 Жек көрүү жаңжал чыгарат, ал эми сүйүү бардык күнөөнү жабат.

13 Акылдуунун оозунда акыл бар, ал эми акылсыздын денесинен таяк кетпейт.

14 Акылдуулар билимди сакташат, акылсыздардын оозу – тез келүүчү өлүм.

15 Байдын мүлкү – өзүнө чептүү шаар, жакырлардын кайгысы – өздөрүнүн начар турмушу.

16 Адил адамдын эмгеги өмүргө ээ кылат, мыйзамсыздын ийгилиги күнөөгө алып барат.

17 Акыл-насаатты сактаган адам өмүр жолунда, акыл-насааттан баш тарткан адам адашып жүрөт.

18 Жек көрүүсүн жашырган адамдын оозу жалган. Ушак тараткан адам – акылсыз адам.

19 Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам – акылдуу адам.

20 Адил адамдын тили – тандамал күмүш, мыйзамсыздын жүрөгү эч нерсеге арзыбайт.

21 Адил адамдын сөзү көптү багат, акылсыздар акыл жетишпегенден өлүшөт.

22 Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт.

23 Акылсыз адамга кылмыш кылуу – оюн-тамаша, ал эми акылдуу адамга акыл таандык.

24 Мыйзамсыз эмнеден корксо, анын башына ошол түшөт, ал эми адил адамдын тилеги аткарылат.

25 Мыйзамсыз адам куюн учургандай жок болот, ал эми адил адам түбөлүк негизде турат.

26 Тишке уксус кандай болсо, көзгө түтүн кандай болсо, жалкоону жумшаган адамга жалкоо да ошондой.

27 Кудайдан коркуу өмүрдү узартат, ал эми мыйзамсыздардын өмүрү кыскарат.

28 Адил адамдарды кубаныч күтүп турат, мыйзамсыздардын үмүтү таш кабат.

29 Теңирдин жолу – кемчиликсиз адамдар үчүн чеп, мыйзамсыздар үчүн коркунуч.

30 Адил адам түбөлүккө олку-солку болбойт, мыйзамсыздар болсо жер үстүндө калышпайт.

31 Адил адамдын оозунан акылдуу сөз чыгат, ал эми алдамчы тил кесилет.

32 Адил адам орундуу сүйлөгөндү билет, ал эми мыйзамсыздын оозунан ыпылас сөз чыгат.