1 Акылмандык өзүнө үй куруп, анын жети мамысын жонуп жылмалады,
2 курмандык мууздап, шарап ачытып, өзүнө дасторкон даярдады.
3 Өзүнүн кулдарын шаардын бийик жерлеринен жар салууга жөнөттү:
4 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын». Кем акылга ал мындай деди:
5 «Келгиле, менин нанымды жегиле, мен ачытып койгон шарапты ичкиле!
6 Акылсыздыкты таштагыла, жашагыла, акылдын жолу менен жүргүлө».
7 Шылдыңчыл адамды үйрөткөн жаманаттыга калат, мыйзамсыз адамды ашкерелеген өз бетине көө жабат.
8 Шылдыңчыл адамды ашкерелебе, болбосо ал сени жек көрүп калат, акылдуу адамды ашкереле, ал сени жакшы көрүп калат.
9 Акылдуу адамга акыл-насаат айтсаң, ал ого бетер акылдуу болот, адил адамды үйрөтсөң, ал билимин дагы арбытат.
10 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билүү – акыл.
11 Анткени мен аркылуу өмүрүң узарат, өмүрүңө өмүр кошулат.
12 Акылдуу болсоң, өзүң үчүн акылдуусуң; шылдыңчыл болсоң, азабын өзүң тартасың.
13 Ойлонуп иш кылбаган, чуулгандуу, акылсыз, эч нерсе билбеген аял
14 өзүнүн үйүнүн эшигинин алдындагы отургучка, шаардын бийик жерлерине отуруп алып,
15 жолдон өтүп бара жаткандарды, өз жолу менен түз бара жаткандарды чакырып:
16 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын», – дейт, анан кем акыл адамга мындай деп айтат:
17 «Уурдап ичкен суу таттуу болот, катып жеген нан даамдуу болот».
18 Ал адам бул аялдын үйү өлгөндөр жаткан жай экенин, анын өтүнүп чакырып алган адамдары өлгөндөр жаткан жайдын түбүндө экенин билбейт.