1 Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды сактасаң,
2 кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө бурсаң,
3 билимди чакырсаң, акылга кайрылсаң,
4 аны күмүш менен кенчти издегендей издесең,
5 Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндөгү билимге жетесиң.
6 Анткени акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат.
7 Ал адил адамдар үчүн куткарылуу сактайт. Ал – түз жүргөндөрдүн калканычы.
8 Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт, Ал Өз ыйыктарынын жолун коргойт.
9 Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты түшүнөсүң.
10 Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда,
11 сени эстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт,
12 жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт,
13 караңгылыктын жолунда жүрүш үчүн түз жолду таштагандардан,
14 жамандык жасап кубангандардан, бузукулук кылып жыргагандардан,
15 жаман жолдо бара жаткандардан, адашып жүргөндөрдөн,
16 башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.
17 Ал аял жаш чагындагы жолдошун таштаган, Кудайдын келишимин унуткан.
18 Анын үйү өлүмгө жетелейт, анын жолу өлгөндөргө алып барат.
19 Анын үйүнө киргендердин бири да кайрылып келбейт, өмүрдүн жолуна түшпөйт.
20 Андыктан ак ниеттүүлөрдүн жолу менен жүр, адил адамдардын жолун жолдо.
21 Анткени жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт.
22 Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат.