1 Айыбы ашкереленген адам моюн сунбай, өжөрлөнүп койсо, күтүлбөгөн жерден кыйрайт, дартына даба табылбайт.
2 Адил адамдар көбөйө баштаганда, эл шаттыкка бөлөнөт, ал эми мыйзамсыз адам үстөмдүк кылганда, эл онтойт.
3 Акылмандыкты сүйгөн адам атасын кубантат, ал эми бузулган аялдар менен жүргөн адам мал-мүлктү чачат.
4 Падыша акыйкаттык менен жерди бекемдейт, ал эми алык-салыкты көбөйткөн падыша аны жакырчылыкка алып келет.
5 Досуна кошомат кылган адам анын бутуна тузак тартат.
6 Жаман адамдын күнөөсү өзүнө жайылган тор болот, ал эми адил адам кубанып, шаттанып жүрөт.
7 Адил адам жакырлардын ишин кылдаттык менен териштирет, ал эми мыйзамсыз адам ишти териштирбейт.
8 Бузулган адамдар шаарды дүрбөлөңгө салышат, ал эми акылдуу адамдар дүрбөлөңдү басышат.
9 Акылдуу адам акылсыз адам менен соттошкондо, ачууланса да, күлсө да тынчтыгын жоготот.
10 Канкор адамдар ак ниет адамды жек көрүшөт, ал эми адил адамдар анын өмүрү үчүн кам көрүшөт.
11 Акылсыз адам бүт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун басат.
12 Эгерде башкаруучу жалган сөз угуп жатса, анда анын кызматчыларынын баары – мыйзамсыз адамдар.
13 Жакыр менен паракор кезитишпей койбойт, экөөнө тең жарыкты Теңир берет.
14 Эгерде падыша кембагалдарды акыйкат соттосо, анда анын тагы түбөлүккө бекемделет.
15 Чыбык жана ашкерелөө акылмандык берет, бирок өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат.
16 Мыйзамсыз адамдар көбөйгөндө, мыйзамсыздык көбөйөт, бирок адил адамдар алардын кыйраганын көрүшөт.
17 Уулуңду жазала, ошондо ал жаныңа тынчтык берип, кубаныч тартуулайт.
18 Кудайдан аян болмоюнча, эл ооздукталбайт, ал эми Кудайдын мыйзамын сактаган адам бактылуу.
19 Кулду сөз менен үйрөтө албайсың, анткени ал сөздү түшүнсө да тил албайт.
20 Алды-артын ойлобой сүйлөгөн адамды көрдүң беле? Ага үмүттөнгөнгө караганда, акылсызга көбүрөөк үмүттөнсө болот.
21 Эгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласаң, акыры ал сага бала болгусу келет.
22 Каардуу адам чыр-чатак чыгарат, ачуусу чукул адам көп күнөө кылат.
23 Адамды өзүнүн текебердиги кемсинтет, ал эми момун адам урматка ээ болот.
24 Ууру менен үлүштөш болгон адам өз жанын жек көрөт, ал каргыштарды укса да, бул жөнүндө эч кимге айтпайт.
25 Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот.
26 Адамдардын көбү башкаруучунун алдында ырайым тапкысы келет, бирок адамдын тагдыры Теңирдин колунда.
27 Мыйзамсыз адам адил адамдар үчүн жийиркеничтүү, түз жол менен жүргөн адам мыйзамсыз адам үчүн жийиркеничтүү.