Накыл сөздөр | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Накыл сөздөр 26 Бөлүм

тез өтүү:

1 Акылсыз адамга көрсөтүлгөн урмат жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай орунсуз.

2 Жөн жерден айтылган каргыш таранчынын бырп этип, чабалекейдин шуу этип учуп кеткениндей, ал орундалбайт.

3 Камчы ат үчүн, жүгөн эшек үчүн, ал эми таяк акылсыздар үчүн.

4 Акылсыз адамга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ага окшоп акылсыз болуп каласың.

5 Акылсыз өзүн акылдуу эсептеп калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер.

6 Акылсызды чабарман кылуу өз бутун өзү кескенге барабар, анткен адам балээни башына үйөт.

7 Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай.

8 Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат көрсөтүүгө барабар.

9 Акылсыздын оозунан чыккан накыл сөз мастын колундагы тикенектей.

10 Күчтүү адам бардык нерсени өз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, өтүп бара жаткан кишини да сыйлайт.

11 Дөбөт өзүнүн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет.

12 Өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле? Ага караганда акылсыз адамга көбүрөөк үмүттөнсө болот.

13 Жалкоо адам: «Жолдо арстан турат! Аянтта арстан турат!» – дейт.

14 Эшик өзүнүн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо өзүнүн төшөгүндө оонайт.

15 Эринчээк адам колун чөйчөккө сунат, бирок аны оозуна жеткирүү – ал үчүн кыйын иш.

16 Жалкоо өзүн ойлонуп жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт.

17 Өтүп бара жатып бирөөнүн чыр-чатагына кийлигишүү дөбөттү кулактан алганга барабар.

18 Акылынан ажырамыш болуп, оттуу өлүм жебелерин, өлүм ыргытуу

19 досуна эки жүздүүлүк менен зыян келтирип туруп: «Мен тамашалап эле койдум», – дегенге барабар.

20 Отун жок жерде от өчөт, ушакчы жок жерде чатак басылат.

21 Жыгачтын көмүрү ысытат, отун отту тутантат, ал эми урушчаак адам чыр-чатак чыгарат.

22 Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.

23 Таза эмес жүрөктөн чыккан жагымдуу сөздөр таза эмес күмүш менен капталган чопо идиштей.

24 Душман тили менен анткорлонуп сүйлөйт, бирок жүрөгүндө жамандык ойлоп турат.

25 Эгерде ал назик үн менен сүйлөсө да, ага ишенбе, анткени анын жүрөгүндө жети кыянатчылык бар.

26 Эгерде жек көргөнүн билгизбей алдап жүрсө, анда анын ачуусу эл чогулган жерде билинет.

27 Бирөөгө ор казган адам орго өзү түшөт, тоголоткон ташы тоголоткон адамдын өзүнө келип тиет.

28 Жалганчы тил өзү ыза кылган адамдарды жек көрөт, кошоматчы ооз бирөөгө жыгылуу даярдайт.