Накыл сөздөр | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Накыл сөздөр 31 Бөлүм

тез өтүү:

1 Лемуел падышанын сөздөрү. Энесинин ага айткан акыл-насааттары булар:

2 Эмне болду, уулум? Эмне болду, жатынымдан чыккан уулум? Эмне болду, убада берип төрөгөн уулум?

3 Күчүңдү аялдарга бербе, жолдоруңду падышаларды ойрон кылган бузулган аялдарга бербе.

4 Лемуел, падышаларга шарап, мырзаларга күчтүү ичимдик ичкенге болбойт.

5 Алар ичкилик ичип алып, мыйзамды унутуп коюшпасын, эзилгендерге адилетсиздик кылышпасын.

6 Ичкиликти өлүп бара жаткан адамга бергиле, шарапты кайгыга баткан адамга бергиле.

7 Ал ичип, жакырлыгын унутсун, өзүнүн кайгысын эсинен чыгарсын.

8 Оозуңду сүйлөй албай тургандар үчүн, жетимдерди коргош үчүн ач.

9 Оозуңду акыйкаттык үчүн, алсыздар менен жарды-жалчылардын иши үчүн ач.

10 Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору.

11 Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенет, күйөөсү кирешесиз калбайт.

12 Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат.

13 Ал жүн, зыгыр буласын өндүрөт, өз колу менен чын жүрөктөн иштейт.

14 Ал аял соодагерлердин кемелерине окшоп, өзүнүн нанын алыстан табат.

15 Ал таң ата электе эле туруп, үйүндөгүлөргө тамак берип, күңдөрүнө белгиленген иштерди тапшырат.

16 Жер алгысы келсе, ага да ээ болот. Өз колунун жемиши менен жүзүмзар отургузат.

17 Белин бекем бууп, булчуңдарын чыңайт.

18 Ал өз ишинин жакшы экенин сезет, анын чырагы түн ичинде да өчпөйт.

19 Колун жип ийрүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат.

20 Жардыларга алаканын ачат, муктаж болгондорго колун сунат.

21 Суук болгондо үй-бүлөм үшүйт деп коркпойт, анткени анын бүт үй-бүлөсү эки сыйрадан кийим кийген.

22 Ал өзүнө килем согот, ак мата менен кызыл шайыдан кийим киет.

23 Анын күйөөсү – кадырлуу адам, дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат.

24 Ал жабуу жасап сатат, финикиялык соодагерлерге кур жеткирет.

25 Күч менен сулуулук – анын кийими, ал келечекке кубанычтуу карайт.

26 Акылмандык менен сүйлөйт, момундук менен акыл-насаат айтат.

27 Ал өз үйүндөгү чарбасына көз салат, бекер тамак жебейт.

28 Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт:

29 «Жакшы аялдар көп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң».

30 Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу.

31 Ага өз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны дарбаза алдында даңктасын!